Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Рак, кант диабети жана жүрөк оорусунун алдын алууга 600 млн. сом бөлүндү

0
Рак, кант диабети жана жүрөк оорусунун алдын алууга 600 млн. сом бөлүндү

2023-жылдын эсебинен кант диабети, рак жана жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо үчүн 600 млн. сом бөлүндү.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, бөлүнгөн акча дары-дармек, керектүү каражат, иммуносупрессор сыяктуу керектүү медициналык жабдууларды сатып алууга жумшалат.

Керектүү каражаттарды алуу үчүн саламаттык сактоо уюмдары министрликке арыз менен кайрылган. Учурда каражаттарды сатып алууга тендер жарыяланды. Министрликтин маалыматына караганда, медицинанын башка багыттары боюнча жардам көрсөтүү үчүн материалдарды жана жабдууларды сатып алуу боюнча тендерлерди жарыялоого байланыштуу баа көзөмөлдөнүп, документтер иштелип чыгууда.

Ушул жылдын биринчи кварталында бирдиктүү төлөм тутумуна кирген саламаттык сактоо уюмдары жалпы 5 млрд. 150 млн. 393 миң сом каржы алышкан. Алардын ичинде 449 млн. сомго жакыны дары-дармек үчүн алынган.

Жакында өкмөт “Бишкек” эркин экономикалык аймагында дары чыгарган завод ачылганын кабарлаган. Завод ишке киргенден кийин жүрөк-кан тамыр, эндокринологиялык, ичеги-карын жана жугуштуу оорулар, ошондой эле заара чыгаруу системасынын оорулары сыяктуу медициналык көрсөткүчтөр үчүн дарынын 10 түрүн чыгарууга даяр экени айтылган. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *