Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Айылдык кеңештерге шайлоо: 29% жакын шайлоочу добуш берди

0
Айылдык кеңештерге шайлоо: 29% жакын шайлоочу добуш берди

Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 16:00гө карата берген маалыматы боюнча айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 28,79% катышты. Добуш бергендердин саны боюнча алганда Талас облусунда шайлоочулар активдүү катышууда. Төрт айылдык кеңештин ар биринде 35-39% шайлоочу добуш берген. Чүй облусунун Жайыл, Кызыл-Дыйкан айылдык кеңештеринде добуш бергендердин саны кыйла аз. Алардын саны аймактагы жалпы шайлоочулардын 12% гана түзөт.

Бүгүн, 9-апрелде Кыргызстандын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы 14 айылда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Шайлоо тилкелеринде 53 комиссия түзүлгөн. Добуш берүү эртең мененки саат 8:00дө башталган, кечки сегизге чейин уланат. Шайлоочулардын саны 72 миңден көбүрөөк.

8-апрелден баштап аталган жергиликтүү шайлоо кеңештери жайгашкан жерлерде райондук милиция бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.

Нарындын Чаек, Көк-Ой, Баткендин Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр, Оштун Отуз-Адыр, Кабылан-Көл, Исанов, Кеңеш, Таластын Бакыян, Бейшеке, Шекер жана Чүйдүн Байтик, Кызыл-Дыйкан айылдык кеңештериндеги жалпы 254 депутаттык орунга 470 талапкер ат салышууда. Алардын 164ү аялдар. 254 мандаттын 30% же 97си аялдарга берилет.

Боршайком Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу бул өнөктүктүң алкагында электрондук добуш берүү ыкмасы колдонуларын билдирген. Азырынча Баткендеги үч айылда мындай мүмкүнчүлүктү ошол жерде катталган, бирок шайлоо күнү добушканага бара албагандар пайдалана алат.

Кыргызстанда 453 айылдык кеңеш бар. Депутаттарды беш жылдык мөөнөткө жергиликтүү эл шайлайт. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *