Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Жаныбеков Орусиядан келген комиссия балык чарбаларын текшергенин айтты

0
Жаныбеков Орусиядан келген комиссия балык чарбаларын текшергенин айтты

Кыргызстандан Орусияга балык экспортун жакынкы күндөрү кайрадан калыбына келтирүү аракети жүрүп жатат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 13-апрелдеги жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

"Акыркы жылдары биз балык экспортун көбөйтүп жатабыз. Былтыр эки эсе көбөйгөн. Беш кол тең эмес экен, айрымдар жогорку деңгээлдеги антибиотиги бар балыктарды Орусияга киргизип жиберип, кесепетин тартып жатабыз. Жакында Орусиядан комиссия келди, баарын кыдырып, өзгөчө биздин тогуз чарбаны карады. Ветеринария кызматынын жетекчиси Москвада жүрөт, кечээ Россельхознадзордун жетекчиси менен жолукту. Ал жакта макулдашуулар болуп жатат. Буюрса ушул жуманын ичинде биз ачабыз. Бирок баарын эмес, Орусия тараптын талаптарына жооп бергендердикин гана ачабыз", - деди Жаныбеков.

Министр Кыргызстанда балык бизнеси менен алектенгендер санитардык талаптарды сактабай иштеген учурлар катталып жатканын моюнга алды. Мындан улам атайын укуктук-ченемдик актылар кабыл алынганын билдирди.

Балыкты кайра иштетүүчү, сактоочу чарбалар кемчилигин жойгондон кийин алардын ишине акырындап уруксат берилерин кошумчалады.

Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы (Россельхознадзор) кызматы январь айында Кыргызстандагы тогуз балык чарбасын текшерүү демилгесин көтөргөн.

Буга соңку эки жылда Кыргызстан экспорттогон форель жана форель икрасынан зыяндуу заттар табылып жатканын жүйө келтирген. Кызматтын инспекторлору аталган продукцияны текшергенде дарыя балыгына мүнөздүү эмес көлөмдөгү балыктар чыкканын, бул күмөн санатарын кошумчалаган.

Мекеме жогорудагы демилгесине кыргыз тараптан жооп болбогонун жана товар өлкө аймагына кирип жатканын негиз кылып, февраль айында Кыргызстандын ветеринардык кызматынан Орусияга экспортко жөнөтүлгөн форель жана форель икрасын сертификациялоону токтотууну суранган.

Айыл чарба министрлиги 2022-жылы Кыргызстандын бирдиктүү мамлекеттик балык чарба реестринде 194 балык чарбасы катталганын, анын ичинен 30 чарба Орусия, Казакстан жана үчүнчү мамлекеттерге балык жана балык азыктарын экспортторун билдирген.

Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы 7-апрелде “Тойбосс” компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы тапканын маалымдап, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл кызматтарынын ишин чабал деп баалаган. “Тойбосс” компаниясы дооматты четке каккан. Айрым талдоочулар орусиялык мекемелердин удаалаш билдирүүлөрүн "атайын жасалган экономикалык тоскоолдук" деп мүнөздөгөн.(BCh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *