Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Түркмөнстанда 122 миңден ашык интернет домен бөгөттөлгөнү аныкталды

0
Түркмөнстанда 122 миңден ашык интернет домен бөгөттөлгөнү аныкталды

АКШнын Чикаго жана Мэриленд университеттеринин маалыматтык технологиялар боюнча адистер тобу Түркмөнстанда 122 миңден ашык интернет доменге бөгөт коюлганын аныктады. Изилдөөнүн жыйынтыгын Global Voices басылмасы жарыялады.

2021-2022-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн иликтөө Түркмөнстандагы интернет-цензуранын масштабын көрсөтүүдө. Окумуштуулар бул өлкөдөгү адистердин жана ыктыярчылардын жардамын алышкан эмес. Бирок өз алдынча ар кандай программаларды колдонуп, Түркмөнстандагы 15 миллиондон ашык домендик аталыштарды текшерип чыгышкан. Жыйынтыгында интернет-домендердин 122 миңден ашыгын өлкө бийлиги бөгөттөгөнү аныкталган.

Түркмөн бийлиги улуттук адеп-ахлакка туура келбеген маалымат булактары, анын ичинде порнографиялык жана террористтик сайттар гана бөгөттөлүп жатканын ырастоодо. Бирок америкалык адистердин изилдөөсү көрсөткөндөй, Түркмөнстанда бөгөттөлгөн домендик аталыштардын 75 пайызын маалымат сайттары, VPN кызматтарын сунуштаган ресурстар, көңүл ачуу баракчалары, издөө системалары жана социалдык тармактар түзөт.

Салыштыруу үчүн эксперттер 1,5 миллиар калкы бар Кытайды мисал келтирген. Ал жакта 300 000ге жакын интернет дарек цензурага учураган.

2016-жылы дүйнөдөгү маалымат эркиндигине мониторинг жүргүзгөн "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму Түркмөнстанды биринчи жолу "интернеттин душмандары" тизмесине кошкон.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *