Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Азия чемпионаты: Алмаз Сманбеков күмүш байге алды

0
Азия чемпионаты: Алмаз Сманбеков күмүш байге алды

Астанада өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков күмүш байгеге ээ болду. Сманбеков 23-апрелде 57 килограмм салмакта үч беттеш өткөрдү.

Алгач пакистандык атаандашы Мухаммад Билал килемге чыкпай, жеңиш Сманбековго ыйгарылды. Чейрек финалда казакстандык Рахат Калжанды 4:2 эсебинде, жарым финалда монголиялык Занабазар Занданбудду 8:6 эсебинде утту. Финалда индиялык Аман Аманга жеңилип (4:9), 2-орунду ээледи.

Бул күнү Алмаз Саманбековдон тышкаркы эки кыргызстандык балбан коло байгеге ээ болду. 65 килограмм салмакта Улукбек Жолдошбеков, 70 килограмм салмакта Орозобек Токтомамбетов 3-орунду ээлешти.

Эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын таймаштары 14-апрелде аяктайт. Бул күнү Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг), Адилет Жапаркулов (74 кг), Нуртилек Карыпбаев (86 кг), Арсланбек Турдубеков (97 кг) жана Музафар Жаппуев (125 кг) күч сынашат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *