Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Мамлекеттик өнүгүү банкынын жетекчиси Судец кызматынан кетти

0
Мамлекеттик өнүгүү банкынын жетекчиси Судец кызматынан кетти

Кыргызстандын Мамлекеттик өнүгүү банкынын жетекчиси Евгения Судец өз арызы менен кызматынан кетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин башкармалыгынын жетекчиси Тимур Малбашев маалымдады.

"13-апрелде арыз жазган экен. Директорлор кеңешинин кечээки чечими менен ээлеген кызматынан бошотулду", - деди Малбашев.

Евгения Судец 2022-жылы декабрь айында Мамлекеттик өнүгүү банкына жетекчи болуп дайындалган. Ал жарым жыл мурда кыргыз жарандыгын алганы коомчулукта талкууланган. Мурдагы орус жараны Евгения Судец буга чейин көп жылдар бою Орусиянын ВТБ банкынын тутумунда ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган

Судецтин аты мамлекеттик “Альфа Телеком” ишканасы (мурдагы MegaCom, азыркы Mega мобилдик байланыш компаниясы) 14,6 миллиард сомго бааланып, сатыкка коюлганына байланыштуу чыккан журналисттик иликтөөдө аталган.

“ПолитКлиника” медиасы “МЕГАны” Максим Бакиевдин жакындары башкарууну көздөп жатат” деген аталыш менен 29-мартта иликтөө жарыялаган. Анда “МЕГА” компаниясын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына сатуудагы күмөндүү жагдайлар жана бул иште Максим Бакиев менен байланышы болушу мүмкүн болгон адамдар тууралуу сөз болгон. Кирешелүү ишкана былтыр Кыргызстандын жарандыгын алган Евгения Судец жетектеген мекемеге өтөрү, анын жолдошу болушу мүмкүн деген Владимир Андросиктин Максим Бакиевге байланышы бар экени айтылган.

Баш прокурор Курманкул Зулушев 12-апрелде Жогорку Кеңештеги жылдык баяндамасында журналисттик иликтөөдөн кабары жок экенин, депутаттын көтөргөн маселесин карап чыгып жооп берерин билдирген.

Президент Садыр Жапаровдун №239 жарлыгына ылайык, Орусиянын жараны Евгения Судецке 2022-жылы 18-июлда жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кыргыз жарандыгын берүүнүн негиздемеси көрсөтүлгөн эмес.

Кыргызстанда жүз пайыз мамлекеттин үлүшү менен Мамлекеттик өнүгүү банкы өткөн жылы түзүлгөн. (BCh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *