Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Алексей Навальныйдын саламаттыгы кескин начарлаганы кабарланды

0
Алексей Навальныйдын саламаттыгы кескин начарлаганы кабарланды

Орус оппозициясынын камактагы лидери Алексей Навальныйдын саламаттыгы абактагы медицина кызматкерлери берген “шектүү дарылардан” кийин кескин начарлап кетти. Бул тууралуу Навальныйдын маалымат катчысы Кира Ярмыш Twitter баракчасына жазды. Анын айтымында, Алексей Навальный жалгыз кишилик камерада 15 суткалык жаза мөөнөтүн өтөп чыккандан кийин ичи катуу ооруп, ага "Тез жардам" кызматы чакырылган.

“Тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн жок. Абак кызматкерлери апасы салып жиберген дары-дармектерди кабыл албай, артка кайтарып атышат”, - деди Кира Ярмыш.

Ярмыш абактын медицина кызматкерлери анын организмине белгисиз дарыларды куюп жатканын да айтып, "Алексейди уулап, акырындык менен өлүмгө алып бара жатышканын жокко чыгарбай турганын" билдирди.

Соңку учурларда Алексей Навальныйдын саламаттыгы үчүн тынчыздануу күчөдү. Анткени оппозиционерди майда-барат иштер үчүн эле жалгыз кишилик камерага жиберип атканы айтылат. Ал 2022-жылдын август айынан тарта карцерде 100 күндөй отурган.

Кремлдин кескин сынчысы катары таанылган Навальныйды сот "Коррупцияга каршы күрөшүү фондуна түшкөн акчаны иштетүүдө алдамчылыкка барган, өзүнүн жеке иштерине колдонгон" деп тапкан. Кийин ага сотту кемсинтүү иши кошулган.

Навальный учурда Владимир облусунун Мелехово шаарчасындагы күчөтүлгөн тартиптеги абакта отурат. (AiB)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *