Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Назарбаевдин фонду менен байланышы бар компаниянын келишими кайра каралат

0
Назарбаевдин фонду менен байланышы бар компаниянын келишими кайра каралат

Казак өкмөтүнүн 14-апрелдеги жыйынында Астананын автоунаа токтотуучу жайларын башкарган компания менен келишимди кайра карап чыгууга тапшырма берилди. Жергиликтүү басылмалар компаниянын түпкү ээси мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин фонду экенин жазышты.

"Власть" сайтынын кабарлашынча, былтыр “Астана парковка мейкиндиги” команиясынын ээси бир нече жолу алмашкан. Мурун компанияга “Жашыл жер” жоопкерчилиги чектелген коому ээлик кылса, аны Назарбаевдин фонду же ага караштуу компаниялар башкарган.

25-апрелде Алматы акимчилиги унаа токтотуучу жайларды тейлеген "Алматы спецтехпаркинг сервис" жана Alan Parking компанияларынын кожоюндары "демонополизация жана потенциалдуу зыянды кайтарып берүү үчүн" 30 жана 100 пайыз үлүшүн шаардын менчигине өткөрүп берүүнү чечкенин билдирген.

Бул компанияларды Казакстандын мурдагы президентинин жакынкы, бизнесмен Кайрат Боранбаев көзөмөлдөп келген. Ал "мамлекет менен бирге түзүлгөн ишканадан ири суммада каражат уурдаган" деген шек менен кармалган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *