Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

"Ишеним" фракциясы Баткендеги курулуштун кечеңдеп жатканын сындады

0

Жогорку Кеңеште “Ишеним” фракциясы Баткенде курулуп жаткан үйлөр боюнча Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Азирет Акимовдун маалыматын угушту.

Анда бир катар депутаттар Баткендеги үйлөрдүн курулушунун кечеңдеп жатышын сындады. Депутат Нурбек Сыдыгалиев башкы курулушчу болгон "Аманат курулуш инвесттин" жетекчиси жөнүндө сурады.

“Ошонун ("Аманат курулуш инвесттин"-ред.) директорун билесиңерби? 20 жаштагы баланын ошончо тажрыйбасы бар бекен? Төрөлгөндө эле курулушчу болуп төрөлүптүрбү?”, - деди.

Фракция лидери Улукбек Ормонов "Аманат курулуш инвест” эмне себептен тандалып алынганына кызыкты.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Азирет Акимов 20 жаштагы ишкер жөнүндө маалыматы жок экенин айтып, кырдаалга жараша тендер өткөрүлбөгөнүн түшүндүрдү.

“Өзгөчө кырдаал болгондугуна байланыштуу тендер болгон эмес. Үч күн сынак болуп, 417 үйдү ким кура алат деген суроо болгон. Ишканалардын ичинен "Аманат курулуш инвест” курулуш жүргүзө аларын билдирген”, - деди Акимов.

Акимов “Аманат курулуш инвест” ишканасы жөнүндө кийинчерээк маалымат берерин билдирди. Анын маалыматында, курулушка бөлүнгөн 1,3 миллиард сомдун 90 пайызы которулганын айтты. Ал Баткендеги үйлөр 1-майга чейин, ал эми социалдык мекемелер 1-сентябрга чейин бүткөрүлөрүн кабарлады.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Азирет Акимовдун маалыматына ылайык, жүзгө жакын үйдүн курулушундагы кемчиликтер аныкталды. Учурда 332 үй толук бүтүп, анын 200дөйүндө тургундар жашап жатышат.

2021-жылдын жазында жана 2022-жылдын күзүндө кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Баткен облусунун бир катар айылдары талкаланып, өрттөлгөн, ондогон адамдар каза болгон, миңдеген жергиликтүү тургун үй-жайын таштап качууга мажбур болгон. Бийлик Баткенде жаңы 420 үйдү эки-үч айда куруп берүүнү убада кылган.

Баткенди калыбына келтирүү иштерин "Аманат Курулуш Инвест" ишканасы жүргүзүп жатат. Ал компания ар бир үйдү келишимдин негизинде 3 миллион 315 миң сомго куруп жатканы белгилүү болгон.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттар курулуш иштери кечигип жатканын айтып, аны жүргүзгөн компаниянын ишин сындап чыгышкан. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *