Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Кыргызстандык православдар Пасха майрамын белгилешүүдө

0
Кыргызстандык православдар Пасха майрамын белгилешүүдө

Кыргызстандык православдар бүгүн, 16-апрелде Пасха майрамын белгилешүүдө. Президент Садыр Жапаров православдарды ыйык майрамы менен куттуктап, бул күн ойлорду тазартуунун, жакындардын бири-бирине болгон сүйүүсүнүн, кечиримдин жана ырайымдын символу экенин белгиледи.

Жапаров Кыргызстан ар кайсы ишенимдер өз ара түшүнүшүп жашаган көп конфессиялуу өлкө экенин жана ар бир диндин өзүнчө мааниси бар экенин белгиледи. Ошондой эле мамлекет ар дайым конфессиялар арасындагы тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого күч-аракетин жумшай турганын кошумчалады.

Кыргызстанда миңдеген православ динин тутунгандар жашайт жана 40тан ашык чиркөө бар.

Алгачкы православдык чиркөө коому 1860-1870-жылдардын аралыгында Чүй жана Ысык-Көл өрөөндөрүндө негизделген. Башында сыйынуулар жана диний жөрөлгөлөр жөнөкөй үйлөрдө жүргүзүлүп турган. 1880-жылдан баштап алгачкы православдык храмдар менен чиркөөлөр курула баштаган. (TAb)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *