Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Атактуу жаз пианисти Ахмад Жамал каза болду

0

Жаз өнөрүнүн эң таасирдүү музыканттарынын бири катары сыпатталган пианист Ахмад Жамал 93 жашында дүйнөдөн кайтты. Кызы Сумая ал простата безинин рагынан каза болгонун The Washington Post гезитине билдирди.

Профессионал музыка дүйнөсүнө 1944-жылы аралашкан Ахмад Жамал жазды өнүктүрүп, электроника жана хип-хоп артисттери менен эксперимент жүргүзүп, жаз өнөрпоздорунун бир канча муунуна жол көрсөткөн.

Жамал Питтсбургда төрөлүп, үч жашында пианино черте баштаган. Ынды каралардын алгачкы опера труппасынын негиздөөчүсү Мэри Кардвел Доусондон билим алып, орто мектепте концерт коюп акча тапкан. Акыркы альбому 2019-жылы жарык көргөн.

Rolling Stone журналы белгилегендей, анын төрөлгөндөгү ысымы Фриц Жонс. Музыкант исламды кабыл алып, атын өзгөрткөн биринчи афроамерикалык аткаруучулардын бири болгон.

1994-жылы АКШдагы Улуттук искусство фонду Жамалга жаз чебери наамын ыйгарган. 2017-жылы ал музыкадагы абройлуу "Грэмми" сыйлыгын алган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *