Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Садыр Жапаров демөөрчүлүк фонду тууралуу түшүндүрмө берди

0
Садыр Жапаров демөөрчүлүк фонду тууралуу түшүндүрмө берди

Президент Садыр Жапаров 17-апрелде "Кабар" улуттук агенттигине курган маегинде Нарын шаарынын ички жолдорун курууга анын демөөрчүлүк фондунан акча берилерин айтты. Ошондой эле ага караштуу эки фонд бар экенин тактады.

"Нарын шаарынын жолдоруна бюджеттен акча бөлүнгөн эмес. Менин демөөрчүлүк фондумдан кетет. Менин эки фондум бар. Бирөө бюджеттен келген фонд. Экинчиси демөөрчүлөрдөн чогулган фонд. Бюджеттен келген фонддон мамлекеттик иштерге гана жумшалат. Тагыраагы, республикалык бюджеттен каралбай калган объектилер болсо. Мисалы мектеп, бала-бакча, же аскерий шаймандарды тез алуу керек болсо жана башка. Ал эми спонсорлук фондумдан болсо кайсы иштерди бүтүрүш керек экенин өзүм билип бөлүп бере берем. Жакында Жумабек Салымбеков “Бай түшүм” банкынын атынан 50 миллион сом демөөрчүлүк кылган. Ошол акча менен Нарын шаарынын жолдорун баштаттым. Кечээ Сергей Ибрагимов “Бакай” банкынын атынан 100 миллион сом демөөрчүлүк кылды. Бул акчаны да Нарынга берем. Мындан сырткары, Баткен менен Талас шаарларынын жолдорун ченеп чыккыла деп Транспорт министрлигине тапшырма бердим. Кийинки жылдары жасайбыз деп ниет кылып турам. Эгер баткендик жана таластык бай жигиттерибиздин марттыгы кармап кетип демөөрчүлүк кылышса, быйыл деле жасап салабыз"",-деген президент.

2021-жылдын аягында Жогорку Кеңеш Бюджет кодексине өзгөртүү киргизген жана ага ылайык президенттик резервдик фондун көлөмү республикалык бюджеттин кирешесинин  2% чейин жеткирилген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *