Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

УКМК Санэпидкөзөмөл департаментинин төрт кызматкери кармалганын билдирди

0
УКМК Санэпидкөзөмөл департаментинин төрт кызматкери кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстанга товарларды ташып келүү үчүн санитардык-эпидемиологиялык корутундуларды мыйзамсыз берип келген коррупциялык схема аныкталганын билдирди.

Атайын кызмат 17-апрелде тараткан маалыматта Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин санитардык-эпидемиологиялык экспертиза бөлүмүнүн башчысы А.Л.О. бул схеманы уюштурганы айтылат.

“Ал аталган бөлүмдүн жооптуу кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, мыйзамсыз киреше алуу жана жеке баюу максатында зарыл жол-жоболорду сактабастан жана тиешелүү экспертизаларды жүргүзбөстөн, кыска мөөнөттө бажы брокерлерине санитардык-эпидемиологиялык корутундуларды берүү боюнча коррупциялык схеманы түзгөнү аныкталды”, - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта ал жумушуна жумасына бир жолу чогултулган акча каражатынан өз үлүшүн алып кетүү үчүн гана келип турганы да белгиленген.

Санитардык-эпидемиологиялык корутунду – продукциянын коопсуздугун тастыктаган эксперттик баалоо жүргүзүлгөн, тиешелүү товарларды ташып келүүгө жана сатууга уруксат берген документ.

Атайын кызмат сертификацияланууга тийиш болгон жүздөгөн ар кандай товарларга жана продукцияларга корутунду берүү үчүн пара алган ондогон фактылар катталганын кошумчалады.

Кылмыш иши боюнча Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза департаментинин төрт кызматкери кармалган. 

Саламаттык сактоо министрлиги, аталган департамент жана шектүү тарап комментарий бере элек. (TAb)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *