Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Кемпир-Абад иши: камалгандар абакта калды

0
Кемпир-Абад иши: камалгандар абакта калды

Биринчи Май райондук соту 17-апрелде Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отургандардын айрымдарынын ишин карап, аларды 20-июнга чейин абакта калтырды.

Мунун алдында райондук сот укук коргоочу Рита Карасартованын адвокаты ооруп калгандыктан, анын бөгөт чарасын кароону 18-апрелге жылдырган.

Биринчи Май райондук соту 17-апрелде активисттер Али Шабдан менен Эрлан Бекчоро уулунун, журналист Айданбек Акматовдун бөгөт чарасын карап, аларды 20-июнга чейин абакта калтырды.

Али Шабдан "Азаттыкка" комментарий берип жатып, тергөөдө эки жолу сурак бергенин айтып, коюлган айыптарды негизсиз деп эсептерин белгиледи.

Тергөө абагында отурган журналист Айданбек Акматов сот залына кирип баратып "тергөө иштери жай жүрүп жатканын, болгону эки жолу сурак бергенин" айтып, "кылмыш иши негизсиз козголгонун" билдирди. Ошондой эле сүйлөшүүлөр болбогонун, буга чейин үй камагына чыккандарга саламаттыгынан улам ошондой чечим чыкканын белгиледи.

Райондук сот укук коргоочу Рита Карасартованын адвокаты ооруп калгандыктан, анын бөгөт чарасын кароону 18-апрелге жылдырды. Карасартова Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалып, абакта калган жалгыз аял.

Мындан улам укук коргоочулар аны үй камагына чыгарууну суранып келет.

12-апрелде Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагында жаткан Гүлнара Журабаеваны, активист Чыңгыз Капаровду, Клара Сооронкулованы, Асия Сасыкбаеваны, Улукбек Маматаевди жана Таалайбек Мадеминовду үй камагына чыгарган.

Ушул ишке байланыштуу тергөө абагында отурган Илгиз Шаменов 10-апрелде ооруканага жаткырылган. Бул иштен улам кармалып, камалган Перизат Суранова, Орозайым Нарматова, Нурланбек Асанбеков, Талантбек Эшалиев мурда саламаттыгынан улам үй камагына чыгарылган.

Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын 20дан ашыгы камакка алынган. Мындан сырткары аларга тилектеш дагы бир нече адам кармалган.

Кемпир-Абад иши "жашыруун" деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон. ИИМ бул боюнча жана корутунду тууралуу комментарий бере элек. Адвокаттар аны ачык өткөрүү арызы менен сотко кайрылышкан.

Айыпталгандар өздөрүнө козголгон иштерди саясий куугунтук деп атап келет. Президент Садыр Жапаров былтыр 17-декабрда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде, Кемпир-Абад маселеси абакта жаткандар үчүн "төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон" деп айткан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. “Массалык башаламандыкка” шектелип кармалгандардын арасынан 4-5 кишиге кошумча айып коюлганы кабарланган.

Эл аралык уюмдар, элчиликтер жана жергиликтүү укук коргоочулар Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын ишин калыс карап, кыргыз бийлигин аларды бошотууга чакырып келет.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *