Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Чукул кабар: ашууларда кар көчкү жүрүшү ыктымал

0
Чукул кабар: ашууларда кар көчкү жүрүшү ыктымал

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайыга байланыштуу чукул кабар таратты. Ага ылайык, 19-апрелден 20-апрелге чейин жааган жана күтүлүп жаткан кар, жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86 чакырымдарынын Чоң-Ашуу ашуусуна, Барскоон – Ак – Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымындагы Сөөк ашуусуна кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү болушу мүмкүн, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

"Урматтуу айдоочулар тоолуу жолдорго чыкканда машинанын дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун жана гүлазык, ысык суу алыңыздар. Зарылдыгы болбосо алыскы жолго чыгууну башка күндөргө жылдырыңыз. Машиналардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактаңыздар",-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Сосновка көзөмөл бекетинде 18-апрелде саат 9:00дон тарта машиналардын бардык түрүнө чектөө алынганын билдирген. Ошондой эле бийик тоолуу аймактардагы башка ашууларда да тазалоо иштери жүрүп жатканын кабарлаган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *