Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Ош: окуучулар ууланган атырларга байланыштуу экспертиза дайындалды

0
Ош: окуучулар ууланган атырларга байланыштуу экспертиза дайындалды

Ошто окуучулар атырга ууланганына байланыштуу экспертизалар дайындалып, иликтөө башталды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 18-апрелде парламенттин тармактык комитетинде билдирди. Анын айтымында, атырлар кайдан, качан алынганы, курамы изилденмекчи.

14-апрелде Ош шаарындагы №8 мектеп гимназиясынын 6-классынын үч окуучусу атырга ууланып, ооруканага түшкөн. Мектеп директору Зулфия Кадырова окуучулар өздөрү колдонуп жүргөн атырды сээп, ойноп жатканда ууланышы мүмкүндүгүн айткан.

Окуучулардын бири жандандыруу бөлүмүнө жаткырылса, экөө дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, ошол эле күнү үйүнө кайткан.

29-мартта Кара-Суу районундагы №101 Кумар Момбекова атындагы орто мектептин 43 окуучусу атырдын жытына ууланып, ооруканага түшкөн. Алар дагы 6-класстын окуучулары болгон.

Кыргызстанда мектептерде балдардын тамак-ашка, клейге жана белгисиз затка жапырт ууланган учурлары буга чейин бир нече жолу катталган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *