Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Акыйкатчы: Ар бир үчүнчү адам үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болот

0
Акыйкатчы: Ар бир үчүнчү адам үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болот

Кыргызстанда 2022-жылы аялдарга жана жашы жете элек балдарга карата зордук-зомбулук жана алардын укугунун бузулушу боюнча 14 миң 786 иш катталган болсо, анын 27% кыскарып кеткен.

Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында жылдык баяндама жасап жатып билдирди.

Ал иштердин 29% гана сотко жиберилгенин, калган 44% өндүрүштө экенин Башкы прокуратуранын маалыматына таянып айтты.

“Аялдарга байланыштуу токтотулган же өндүрүштө калган иштердин саны 45% түзүп жатат. Кыргызстан, тилекке каршы, 2021-жылы Борбор Азияда аялдар үчүн эң кооптуу өлкө катары таанылган. Бул тыянакты Аялдардын дүйнөлүк тынчтык жана коопсуздук индексинде көрсөтүшкөн. Анда Кыргызстан 170 өлкөнүн ичинен 97-орунга чыккан”.

Абдрахматова мамлекеттик эмес кризистик борборлордун маалыматында өлкөдө ар бир үчүнчү адам үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болору, ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда сексуалдык ыдыкка туш болору айтылганын кошумчалады.

Ал Эл аралык коомдук коопсуздукту изилдөө уюму Кыргызстанда зордук-зомбулукка кабылгандардын 62% укук коргоо органдарына кайрылбай турганын аныктаганын да билдирди.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 18-апрелде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде баяндама жасап жатат.

Баш прокурор Курманкул Зулушев 11-апрелде Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана укук тартиби боюнча комитеттерге көзөмөл органынын 2022-жылдагы иши боюнча отчет берген.

Баяндамада былтыркы жылдагы үй-бүлөлүк зомбулук 9880ге жеткенин, андан 8225 аял, 290 эркек (алардын ичинен 210у өспүрүм балдар) жабыркаганын айткан.

Кыргызстанда Акыйкатчы институту 2002-жылы иштей баштаган. Өлкөнүн башкы укук коргоочусу жыл сайын парламентте баяндама жасайт. (TAb)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *