Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

"Дон Кихот" - дүйнөлүк маданияттын туу чокусу

0

Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу.

Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.

Дүйнөлүк маданият менен искусстводо жүздөгөн жылдар өтсө да эскирбей турган, унутулбай турган, өз барк-баасын, нарк-насилин жоготпой турган маданий-рухий эстеликтер болот. Андай көркөм дөөлөттөргө катаал мезгилдин өктөм талабы, мээримсиз мамилеси таасир эте албайт. Балким, Жараткандын Сөзү сыяктуу адамзат жашап турганда алар да өз жашоосун түбөлүк уланта бетет.

Биз бүгүн төрт жүз жылдан бери адам баласын таң калтырып, тамшандырып, соолубас мухит мисал анын акыл-эсине, туюм-сезимине, рухуна азык берип келе жаткан испаниялык улуу жазуучу, Шекспирдин замандашы Мигель де Сервантестин "Ламанчалык айлакер идальго Дон Кихот" романы тууралуу кеп кылмакчыбыз. 17-кылымдын баш чендеринде жазылган бул чыгарма тек роман жанрында эле эмес, бүтүндөй адабият, маданиятта бурулуш жасады. "Дон Кихоттон" кийин таптакыр башка бийиктиктеги, чен-өлчөмдөгү, деңгээлдеги адабияттын жаңы доору башталды. Сервантес өз чыгармасында буга чейин жазылып келген ашкере апыртмалуу, жасалма рыцарлык романдарды жокко чыгарып, өзүнүн мыкты көркөм поэтикасы, терең маани-мазмуну, кайталангыс юмору, курч ирониясы, өз замандаштарынын пенделик жорук-жосундарын аёосуз ашкерелеген катаал сатирасы менен дүйнөлүк адабияттын жаңы барагын ачты. Арийне, аталган романдын барк-баасы, касиет-куну муну менен эле чектелбейт.

"Дон Кихот"  - адамгерчиликтин, адеп-ахлактын, ыйман-ынсаптын кодекси десек болот. Бир караганда жинди чалыш, келесоодой көрүнгөн Дон Кихот да пайгамбарлар сыяктуу дүйнөнү өзгөрткүсү, акыр-чикирден тазалагысы, арууланткысы келет. Адам адамды эзбеген, кордобогон, адил, акыйкат, эркин коомду курууну эңсейт. Бей-бечараларга, багар-көрөрү жокторго, басынып запкы жегендерге жардам берүү үчүн үйүнөн аттанып жөнөйт.

Дүйнөлүк адабиятта Сервантестин аталган романынан таасирленбеген, жазганды андан үйрөнбөгөн, анын өнөрканасынан үлгү албаган, аны өзүнүн устаты катары санабаган сүрөткерлер аз эле болсо керек. Орустун атактуу жазуучусу Достоевскийдин "Идиот" ("Кеңкелес") романы "Дон Кихот" менен түздөн-түз үндөшүп турат.

Достоевский "чыныгы жакшы адам жөнүндө" чыгарма жазуу үчүн камынып жатканда ой-кыялында Дон Кихоттун бейнеси турганы анык. Буга тарыхый-адабий фактылар, жазуучунун өзүнүн каттары, күндөлүктөрү, "Дон Кихот" романы тууралуу айткан пикирлери далил болот. Мындан тышкары, князь Мышкиндин да Дон Кихот сыяктуу "акыл-эси жагынан мандеми" бар жана анын да өз чөйрөсүн (кеңири мааниде адамзатты) өзгөрткүсү келген улуу мүдөөсүн айланасындагы кишилер түшүнбөйт. Дон Кихот өңдүү ал дагы замандаштарынын келекесине, шылдыңына дуушар болот.

Албетте, "Кеңкелес" "Дон Кихоттун" көчүрмөсү эмес, ал дагы дүйнөлүк маданияттан эбак өзүнүн татыктуу ордун тапкан кайталангыс шедевр. Бирок Достоевский бул чыгармасын жазып жатканда устаты Сервантестен таасирленгени күмөнсүз.

Достоевский "Дон Кихотту" дүйнөлүк маданияттын коду деп атайт.

"Эгерде адамзаттын жашоосу токтогон кыямат күнү, Жараткан андан: "Сен бүт өмүрүңдө кандай жакшылык кылдың?", - деп сураса, адамдар үндөбөстөн "Дон Кихоттун" мобу эки томун сунуп, четке чыга берсе болот", - деп жазат Достоевский.

Жазуучунун пикири боюнча, ушул эки китеп адамзаттын бүткүл жашоосун актай алат жана анын баардык күнөөсү кечирилиши үчүн ушул роман эле жетиштүү.

"Бүткүл дүйнөдө бул романдан өткөн терең жана күчтүү эч бир чыгарма жок. Бул азыркыга чейин адам ою жана акыл-эси жараткан эң улуу сөз, бул адам айта алган эң ачуу ирония", - деп баа берет орус жазуучусу "Дон Кихотко".

Орустун дагы бир белгилүү калемгери Иван Тургенев Сервантестин атактуу романы тууралуу Достоевский сыяктуу эле пикирди айтат. Ал дагы кишилер акыреттик суракта Алла Таалага ушул бир китепти көрсөтүү менен эле өздөрүн актай алат деп жазат.

Ал эми Сервантестин жердеши, көрүнүктүү философ М. д-Унамуно:

"Дон Кихот – бул испандык Иса Машаяк, а "кихотчулук" – бул христианчылыктын улуттук варианты", – дейт.

Ф.Шлегель, Г. Гейне, Гегель, Ш.Монтескье, В. Белинский, Л. Толстой, Х.Ортеги-и-Гассет ж.б. көптөгөн философтор, акын-жазуучулар, илимпоздор да "Дон Кихотту" өтө жогору баалашкан.

Белгилүү адабиятчы окумуштуу Осмонакун Ибраимов Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" повестинин башкы кейипкери Дүйшөндү "кыргыздын Дон Кихоту" деп атайт.

"Кыямат" романындагы негизги каармандардын бири Авдий Каллистратовдун да тагдыры, өмүрдөгү мүдөө-максаты, күрөшү Дон Кихоттукуна окшошуп кетет. Дон Кихот сыяктуу эле ал дагы жеңилүүгө учурап, анын баңгилерди туура жолго салам деген изги тилеги өз өлүмү менен аяктайт. Бул жааттан алганда Авдий Каллистратовдун дагы, Дон Кихоттун дагы, князь Мышкиндин дагы көркөм бейнелери кайсы бир даражада үндөшүп турат. Үчөөнүн тең тагдыры трагедиялуу бүтөт.

"Дон Кихот" – испан элинин тарыхый эс-тутуму, маданий энтамгасы, жалпы Испаниянын улуттук сыймыгы. Ар бир испандык Сервантестин ысымын мактаныч тутат, аны менен сыймыктанат, улуттук рухий таяныч, тирек катары улам кийинки муун "Дон Кихотту" сөзсүз окуп чыгат. Аларда "Дон Кихотту" билбегендик бул жөн эле уят эмес, а чыккынчылыкка тете.

Испан парламенти жыл сайын өзүнүн жаңы отурумун баштаарда трибунага "Дон Кихоттун" көөнө басылмаларынын бирин ачып коёт. Ар бир эл өкүлү басып барып өзүнө жаккан жеринен үзүндү окуйт. Мындай окуу Библияны кармап касам ичкенге барабар. Романды парламентарийлер баары текши окуп чыккандан кийин гана испан парламенти өз ишин баштайт. (Биздин аткаминерлер "Манас" эпосун мындай кой, Айтматовдун чыгармаларын окушарына күмөнүм бар).

Мындан тышкары, Мадридде Дон Кихот менен Санчо Пансанын атактуу айкели орун алган. Ал эми Ла-Манча аймагында Дон Кихот менен анын ат кошчусун эске салбаган бир дагы жер жок. Сервантестин аталган романынын шарапаты менен аймактын борбору Толедо шаары маданий туризмдин очогуна айланган. Айрыкча туристтердин көңүлүн Консуэгра кыштагындагы Дон Кихоттун атактуу жел тегирмендери бурат экен.

2005-жылы ЮНЕСКО аталган чыгарманын 400 жылдыгына карата "Дон Кихотту" дүйнөдөгү эң мыкты роман деп жар салган. Кайра басылып чыгышы боюнча "Дон Кихот" Библиядан кийинки экинчи орунда турат.

"Дон Кихот" романынан айрым үзүндүлөр:

"Акыр-чикирге толуп, күнөөгө баткан ай-ааламды өзгөртүүнү, жакшыртып-жаңыртууну ойлоп жүргөн киши тамак-аш жөнүндө ойломок беле?

…мени өздөрү каалагандай кылып жасандыра беришсиң… үстүмдөгү кийимим алтын болуп кетсе да, мен баары бир Санчо Панса бойдон калам.

…Сен өзүңдүн ким экениңди унутпа, анткени сен өзүңдүн ким экениңди эстегенде, мактанбай каласың, өгүздөй чоң болом деп бака мисал ичиңе жел толтурбайсың, жарабаган жаман бутуңду тотукуштун кооз куйругуна теңейм дечү болбойсуң. Мурда чочко кайтарганыңды сен эч качан унутпагын.

…Эл башы өз даражасын, абийирин сакташ үчүн жеке кызыкчылыгын унутушу лаазым экендигин сага айып коёюн.

Өзүң башкарган элдин көңүлүн алуу үчүн баарынан мурда төмөндөгү эки эрежени жадыңа бекем түй: биринчиден, элдин баарына бирдей калыс болуп, жылуу-жумшак мамиле кыл, экинчиден, букараларыңдын баарынын курсагы ток болсун үчүн талыкпай кам көргүн. Анткени кедей-кембагалдын курсагы ач болсо, кайгы-капага батат.

…Жарлыктарды ыксыз көп чыгара бербе, эгер жарлык чыгара турган болсоң, аларың ишке ашкандай болсун. Чыгарган жарлыктарыңды эл сактап, орундатышы үчүн кам көр. Эгерде чыгарылган мыйзамдар орундалбаса, анда кол алдыңдагылар мыйзам чыгарууга эл башынын акыл-эси жеткени менен аларды аткартууга эрки жана бийлиги жетпейт экен деп кеп кылышат. Мыйзамдар аткарылбаса, катуу мыйзамдардын өзү да бакаларга падыша болгон келесоого окшоп калары эсиңде болсун. Адегенде бакалар андан коркушат да, кийин жек көрүп калышат. Жакшылык үчүн өз ата, кемчилик үчүн өгөй ата бол. Дайым эле каар төгө берүү да, көңүлчөөк болуп бийликти колдон алдырып жибергендей эле жаман. Ошондуктан ушул экөөнүн ортосундагы чекти сакта. Чыныгы акылмандуулук мына ушунда. Түрмөнү, кушкананы жана базарды тез-тез барып көрүп тургун, себеби мунун зор мааниси бар. Андайда тагдырыбыз тезирээк чечилсе экен деп саргая күтүп жаткандардын үмүт отун тутантасың, этти таразага туура өлчөөгө аргасыз кылып, таразычыларды сестентесиң жана базардагы бузуку соодагерлерди жоготосуң.

…Эркиндик үчүн башты канжыгага сайгандай эле, ар-намыс үчүн да жанды курман кылуу керек.

…Эр жүрөк адам башына конгон бактыга кандай кубанса, башына түшкөн кайгыга да ошондой чыдоого тийиш".







Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Новые вызовы и обеспечение технологического суверенитета квалифицированными кадрами обсудили в Москве

В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ

"Возрождение интереса к народному искусству и ремеслам в современном мире"


Российские туристы встретились с таджикскими строителями в Новой Зеландии и были удивлены их жизни и ответами на вопросы

Выездной Фотограф для всех желающих, ну и конечно Артистов и Музыкантов.

Мистический Тибет: путеводитель по местам силы от Кажетты Ахметжановой

Лукашенко лоббирует интересы Алиева по изоляции Армении


UFC plans to be ‘flexible’ in next broadcast rights deal, including potential end to traditional PPV

LIV Golf’s Sergio Garcia misses out on U.S. Open spot, but still has chance to play

Precision in Motion: Exploring Baltic Bearing Company-Riga

AML check crypto


В деле об убийстве в Екатеринбурге шестилетнего мальчика появился третий фигурант

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Старый Гоор.

В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ


Sea War: Raid 1.131.0

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Five new Steam games you probably missed (May 20, 2024)


Estischool - Школа за британською програмою


Lipatov Sound заявил о выходе нового трека “Red City”

V Общероссийская конференция «Устойчивое развитие этнокультурного сектора» представит калейдоскоп успешных практик в сфере социального проектирования

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице

МегаФон расширяет продажи в 10 регионах России


«СВЯТОЙ ЛЕНИН» УЛУЧШАЕТ ЗАКОНЫ, управляет патентами и улучшает командное планирование в целях учёта интереса всего народа.

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Что там в IT: ИИ-отрыв Google, ChatGPT почти человек, отечественный BIOS

Росздравнадзор штурмует клинику хирурга Тимура Хайдарова


Суд вынес приговор похитителю украшений их храма в Нижнем Аблязово

Житель Подмосковья едва не погиб из-за ватных палочек

Скоро в школу. В Ватутинках завершается строительство учебного заведения

Библиотеки Подмосковья подготовили подборки школьной литературы к лету


Рыбакина узнала свое место в новом мировом рейтинге

Немец Зверев выбил россиянина Медведева из топ-4 ATP

Новаку Джоковичу исполнилось 37 лет в Швейцарии | Виды спорта

Теннисиста Медведева выбили из топ-4 ATP


Скоро в школу. В Ватутинках завершается строительство учебного заведения

Фестиваль современной поэзии «Русский слог» пройдет в Подмосковье

Житель Подмосковья едва не погиб из-за ватных палочек

Суд вынес приговор похитителю украшений их храма в Нижнем Аблязово


Музыкальные новости

Жителей и гостей Люберец 25 мая приглашают в парк на концерт памяти Ю. Шатунова

«Ты мне не понравилась!»: Мария Погребняк вспомнила знакомство с Ольгой Бузовой в студии «Шоу Воли» на ТНТ

«Просто не афиширую»: куда пропала Волочкова с театральной сцены

Пианист Мацуев о Станковиче в "Спартаке": опять тонко, опять иностранец


В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице

V Общероссийская конференция «Устойчивое развитие этнокультурного сектора» представит калейдоскоп успешных практик в сфере социального проектирования

Lipatov Sound заявил о выходе нового трека “Red City”

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» УЛУЧШАЕТ ЗАКОНЫ, управляет патентами и улучшает командное планирование в целях учёта интереса всего народа.


Выставка славянских истоков «В бессмертье уходит всеведенье литер простых»

Свыше 600 навалов мусора устранили в Подмосковье за неделю

В Санкт-Петербург прошел ХIХ Санкт-Петербургский международный книжный салон

Что там в IT: ИИ-отрыв Google, ChatGPT почти человек, отечественный BIOS


Источник 360.ru: на Ленинградском шоссе в САО Москвы случилось ДТП с 8 машинами

Работу наземного транспорта в семи округах Москвы скорректируют 23 и 25 мая

Полиция начала поиск скрывшихся участников массовой драки на юге Москвы

В Башкирии во время ремонтных работ водителя грузовика придавило кузовом


Кремль: Путин 23 мая проведет переговоры с королем Бахрейна в Москве

Король Бахрейна прибудет 22 мая с визитом в Москву

В Бахрейне назвали цель официального визита короля в Россию

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о качественном росте отечественного автомобилестроения


Заболеваемость COVID-19 в России выросла почти на 14,7 процента за неделю

Немоляева находится в тяжёлом состоянии под наблюдением врачей

Коронавирус FLiRT выявили в России

Шизофрения и болезнь Альцгеймера: симптомом какой болезни может стать потеря обоняния



Новое отделение вызовов врачей на дом открылось в МОЦОМД в Люберцах

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице

В Москве завершился Всероссийский форум «Здоровье нации – основа процветания России».

Нейросети помогли московским врачам поставить уже 14 миллионов диагнозов


Зеленский объяснил, почему не хочет приглашать РФ на «саммит мира»


Сотрудница ОМОН "Оплот" приняла участие в костромском забеге «Галичское Заозерье»

«Шушумагия» и «Команда МАТЧ» – в топ-25 мультсериалов на «Кинопоиске»

Олимпийский чемпион Роман Костомаров поздравил победителей номинации «Экскурсия без границ» программы «Лига Экскурсоводов»

Бонгонда: стадион и база «Спартака» — мои любимые места в Москве


Запись от имени Президента Беларуси сделана в книге соболезнований в посольстве Ирана


Собянин рассказал о Международном форуме инноваций БРИКС

Сергей Собянин: Колледжи проведут Дни открытых дверей

Сергей Собянин подвел итоги Московской олимпиады школьников

Сергей Собянин. Главное за день


Более 600 деревьев высадили в дендропарке Ногинска

Сергей Собянин. Главное за день

Станислав Кондрашов Telf AG: Китай стремиться к экологически чистому производству

Якутия представила цветочную инсталляцию «Мост в будущее» на выставке «Россия» в Москве


Скоро в школу. В Ватутинках завершается строительство учебного заведения

Житель Подмосковья едва не погиб из-за ватных палочек

Библиотеки Подмосковья подготовили подборки школьной литературы к лету

В Воскресенске сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в умышленном повреждении чужого автомобиля


«Северная красота» пусков Плесецка

Истории жителей Поморья представили в семейном мюзикле в Архангельске

Архангельск впервые принял Всероссийские соревнования по танцевальному спорту

Терминал сбора данных (ТСД) промышленного класса SAOTRON RT42G


Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ

«Дефицитный продукт». В Севастополе малогабаритки стали дороже, Симферополь продемонстировал падение стоимости квадрата

Выставка славянских истоков «В бессмертье уходит всеведенье литер простых»

Литературный монолог «По праву памяти», к 105-й годовщине со дня рождения А.С. Крупнякова, советского и российского писателя.


Образовательный комплекс построят в районе Раменки

Собянин: в майские праздники Москву посетили 2,2 млн туристов

Специалист Карпинская: френч не стоит делать на короткие ногти

ИВАНЕНКОВЫ. От Брест-Литовска до Берлина














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *