Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Былтыр Кыргызстанда 1600дөн ашык киши мамлекеттик ипотека алды

0
Былтыр Кыргызстанда 1600дөн ашык киши мамлекеттик ипотека алды

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын "Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында 2022-жылы 1650 адам турак жай үчүн 4,4 млрд. сомдук ипотека алды. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Мындан сырткары KfW – Германиянын өнүктүрүү банкынын “Кыргызстандагы турак жайды каржылоо программасынын” алкагында коммерциялык банктардан былтыр жалпы 154 киши 235,9 млн. сомго ипотекалык насыя алган.

Мекеме кабарлагандай, биринчи линия менен 2021-жылы 452 адам 1,2 млрд. сомго мамлекеттен ипотекалык насыя алган. Мурдагы жылы ошондой эле экинчи линия менен 280 адам 374,9 млн. сомго ипотекалык насыя алган.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын электрондук порталындагы маалыматтарга ылайык, 2023-жылдын 31-мартына карата үй алгысы келген 65 865 адам катталган. Компания алардын 23 миңден ашыгынын арызын жактырган болсо, 11 миңден ашыгы банкка документтерин жиберген.

Президент Садыр Жапаров 17-апрелде "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде ипотекалык үйлөрдүн курулушу тууралуу суроого жооп берген. Анда ал Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкек шаарына 6 миңден ашык батирлерди саларын айткан. Таласта жана Нарында курула турган үйдүн долбоору даярдалып жатканын, Жалал-Абадда 200дөн ашык батир түшүп жатканын белгилеген. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *