Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Токмоктун мэрин каматкан кылмыш иши

0
Токмоктун мэрин каматкан кылмыш иши

Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев коррупцияга шек саналып кармалды. Атайын кызмат Самаевдин тиешеси бар "Токмок жылуулук" ишканасындагы жемкорлук ишинде мамлекетке 130 млн. сомдон ашуун зыян келтирилген деп кабарлады.

"Токмок жылуулук" ишканасындагы коррупция

Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев 17-апрель күнү кечинде кармалганы кабарланган. 18-апрелде Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) билдирүү таратып, Самаев "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасындагы туруктуу коррупциялык схема уюштурууга тиешеси бар экени аныкталганын кабарлады.

Атайын кызмат “Токмокто жеке үйлөргө борбордук жылуулук системасын мыйзамсыз кошуп, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү Самаевге берилип турган” деп билдирди.

“Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Токмок шаарынын мэри кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат”, - деп айтылат билдирүүдө.

14-апрелде УКМК "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасындагы коррупциянын айынан 130 миллион сомдук зыян аныкталганын билдирген.

Тергөөнүн маалыматында, 2020-жылдан 2023-жылга чейин аталган ишкананын турак үйлөрдү борбордук жылуулук тутумуна мыйзамсыз кошуу, жаратылыш газын ашыкча коротуу, күйүүчү майды негизсиз эсептен чыгаруу сыяктуу мыйзам бузууларынан мамлекетке 130 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. УКМК анда ишканын канча кызматкери кармалганын маалымдаган эмес.

Мэр Самаевге баа жана сын пикир

Азырынча Урматбек Самаевдин жактоочусунан кылмыш иши жөнүндө пикир алууга мүмкүнчүлүк боло элек. Токмок шаардык кеңешиндеги аны менен санаалаш айрым депутаттар Самаев мэр катары жакшы иштегенин айтышууда.

Шаардык кеңештин вице-спикери Бактияр Доконов Самаевдин эч кандай күнөөсү жок деп эсептейт.

“Сөзсүз териштирүү жүргүзүү керек. Бул иш 2020-жылдардан башталган деп жатат. Урматбек Обозбекович келгенине бир жыл, сегиз ай эле болду. Эгерде иликтөө тыкыр жана так жүргүзүлсө, Урматбек Обозбековичтин күнөөсү жок экенине ишенем”, - деди Доконов.

Ал эми Токмок шаардык кеңешиндеги мэрдин ишмердүүлүгүн сындап жүргөн депутаттардын бири Чолпон Сыдыкова Самаевдин башка иштерге дагы тиешесин тыкыр текшерүү керек деди.

“Текшерүүлөр үч жумадан бери жүрүп жаткан. Аудит отурганы белгилүү болгон. Анын ишмердүүлүгү туура эмес экенин башынан бери сындап келе жатам. Мисалы, кадр саясаты, муниципалдык менчикти башкаруу боюнча дагы көп суроолор жаралат. Анткени тендерлерде компаниялар кандай тандалганы белгисиз. Мисалы, өткөн жылы эле жасалган жол, тротуар бузулуп жатат. Ал жерде дагы коррупциялык схемалар бар”, - деген Сыдыкова Самаевди "криминалдык топторго байланышы бар" деп сындады.

“Чемпион” атыккан Самаевдин аты аралашкан иштер

37 жаштагы Урматбек Самаев 2016-жылы парламентке “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен депутат болгон. Самаев Токмоктогу кылмыш дүйнөсүнө жана жүк аткезчилигине тиешеси бар экени айтылып келет.

2019-жылы кыргыз-казак чек арасында аткезчилик менен алектенген эки топ жаңжалдашып, ок тийди деген Аскат Үсөнов аттуу жаран видеокайрылуу жасап, Урматбек Самаевди ачык күнөөлөп, президенттен жардам сураган. Бирок Самаев өзүнө карата сын-дооматтарды "каралоо" деп сыпаттаган.

Ар кандай иштерде аты аталган Самаевдин парламенттеги Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш комитетинин жетекчисинин орун басары болуп шайланышы бир топ талкуу жараткан.

2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов артында турганы айтылган “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен катышып, Токмок шаарында биринчи орунду алган.

Октябрь окуяларынан кийин Садыр Жапаровдун бийликке келишин катуу колдогон депутаттардын бири болгон. Ошол кезде депутат Аида Касымалиева 10-октябрдагы премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду дайындоо боюнча кезексиз жыйында Самаев айрым депутаттарды коркутканын билдирип чыккан. Самаев Касымалиеванын билдирүүсүн төгүндөгөн.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Урматбек Самаев Токмок шаарынын мэри болуп 2021-жылы августта келген.

Жакында эле Самаевдин жакын санаалаштарынын бири, Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев "бейбаштыкка" шек саналышы, мэрдин дарегине сындарды күчөткөн. Чокеев ишти “жалган жалаа” деп атап, депутаттык мандатын тапшырып берди.

Токмок шаары Казакстан менен чек арадан жайгашкандыктан күйүүчү майларды жана ар кандай товарларды аткезчилик менен ташып кирген учурлар жана ага криминалдардын таасири тууралуу коомчулукта айтылып келет. Саясатчы Элдар Абакиров Токмок өндүрүштүк дарамети бар шаарлардын бири экенин белгилеп, бийликке жакын эмес, чарбачыл башчы керек деген пикирин айтты:

"Эми Самаев ошол кезде бийлик менен жакшы болуп кызматка келгенин билебиз. Негизи шаарда мэрди эл шайласа, ал убадасын аткаруу үчүн иштемек. Токмок шаарынын потенциалы чоң. Көп Токмок шаарынын тургундары Бишкекте иштейт. Анткени 30 мүнөттүк жол, Токмокто жашоо бир аз арзан. Токмок билим берүү жана өндүрүшкө аябай ыңгайлуу. Эми алдында планы бар адам башчы болуп келиши керек", - деди.

Бийликке жакын делген Самаевдин кармалышын өлкө жетекчилигинин коррупция менен күрөшүү аракети деп сыпаттагандар дагы бар.

Чүй облусундагы Токмок шаарында 70 миңден (2021-жылдагы эсеп менен) ашык киши жашайт. Токмок өлкөдөгү өнөр-жайлуу ири шаарлардын бири.

37 жаштагы Урматбек Самаев Чүй облусунун Онбир-Жылга айылында туулган. Өмүр баянында 2004-жылы Чүй районундагы №2 орто мектебин, Жогорку окуу жайды юриспруденция багытында бүтүргөнү жазылган.

Каракол шаарындагы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектебинде бокс боюнча тренер болуп жүрүп, Токмок шаардык кеңешине 2012-жылы депутат болуп келген.

Чүй районунун жана Токмок шаарынын “Көк-Бөрү” федерациясынын президенти. 2018-жылдын 5-июлунан Кыргыз Республикасынын "Көк-Бөрү" федерациясынын вице-президенти болгон.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *