Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

ЖК: жумушчу топ курултай делегаттарын азайтууну макулдашты

0

Жогорку Кеңеште 19-апрелде “Элдик Курултай жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун кезектеги жыйыны өтттү. Парламенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, анда жергиликтүү, райондук жана шаардык курултай өткөрүү тууралуу жоболорду кыскартуу, делегаттардын саны 1070тен 700гө азайтуу макулдашылды.

Парламент 15-мартта курултай тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, талаш-тартыштардан улам документ күн тартибинен алынган. Анда курултайдын, делегаттардын ыйгарым укуктары узарганы, парламенттин, өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин ишине чейин аралашып-кийлигишүүсүнө жол ачкан беренелер бары айтылган.

Документтин авторлору долбоордун концепциясын кабыл алуу зарылдыгын айтып, айрым беренелерди өзгөртүүгө макул болгон.

Бул мыйзам долбоору былтыр жазында дагы талаш-талкуудан улам кабыл алынбай калган.

Элдик курултай институту 2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга киргизилген. Ага ылайык, былтыр сентябрга чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек болчу.

Мыйзам кабыл алынбай калгандыктан, президент Садыр Жапаров өз жарлыгы менен Элдик курултай топтогон. Былтыр 25-26-ноябрь күндөрү өткөн элдик курултайга, бардык аймактардан, четтеги мигранттар арасынан тандалган миңден ашуун делегат катышкан.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *