Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Мугалимдерди тилдеген интернат директору кызматтан алынды

0

Билим берүү жана илим министрлиги Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Ак-Суу жалпы билим берүүчү мектеп-интернаты” мекемесинин директору Жеңишгүл Ниязова атайын комиссиянын чечими менен кызматтан алынганын билдирди. Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтында жарыяланды.

Апрелдин башында аталган мектеп-интернаттын директору Жеңишгүл Ниязовага таандык үн жаздырылган аудио тасма интернетке тарап кеткен. Анда ал мугалимдердин аброюна шек келтирип, аларды басынтып, кол көтөрүп, ыплас сөздөрдү айтып, сөгүнүп жаткан үндөрү жазылган.

Бул окуядан кийин АКИпресс басылмасы мектептин мугалимдеринин биринен кыска маек алып чыгарган. Ал сабактагы кемчиликтери үчүн директор аны сабаганын айтып, даттанган. Мугалим окуя боюнча Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгына арыз жазып, ооруканага жаткан. Ушул эле басылмага маек берген учурда Жеңишгүл Ниязова мугалимдерди оозго алгыс сөздөр менен урушканын четке кагып, алар милдетин аткарбаганы үчүн урушканын билдирген.

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен аталган мектеп-интернаттын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссия түзүлүп, териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Директорду кызматтан алуу чечими ошонун жыйынтыгы менен кабыл алынган.

“Ак-Суу жалпы билим берүүчү мектеп-интернаты” 2019-жылы өкмөттүн токтому менен жабылып, 2021-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен ишин кайрадан жанданткан.

Ачык булактарда Жеңишгүл Ниязова аталган интернатта кайсы убакыттан бери директор болуп келгени тууралуу маалымат жок. Ага былтыр “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими” сыйлыгы берилген. Ниязова аны 2022-жылдын декабрь айында президент Садыр Жапаровдун колунан алган. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *