Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев тергөө бүткүчө камакка алынды

0
Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев тергөө бүткүчө камакка алынды

Бишкектин Октябрь райондук соту коррупцияга байланыштуу кармалган Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаевдин бөгөт чарасын карап, аны тергөө бүткүчө камакка алды. Бул тууралуу маалыматты аталган соттон билдиришти.

Аны камакка алууну атайын кызматтын тергөөчүлөрү өтүнүштү. Адвокаттар камакка байланышпаган бөгөт чара кабыл алууну суранышты.

Тергөө соту Алмаз Нурбеков кабыл алган чечимге ылайык, Урматбек Самаев 1-июнга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалат. Самаевдин адвокаты Кымбат Жекшен кызы журналисттерге соттун чечими менен макул эместигин, жогорку инстанцияга даттанарын айтты.

Урматбек Самаевди УКМК "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасындагы коррупцияга байланыштуу 17-апрелде кармаган.

Тергөө учурунда Токмок шаарында бир катар үйлөр "Токмок жылуулук" ишканасынын борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулганы аныкталган. Баштапкы маалыматтарга ылайык, 2020-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 1-мартына чейин күйүүчү майды негизсиз эсептен чыгаруудан жана "Токмок жылуулук" ишканасы жылуулук энергиясы менен камсыздоого алынган каражаттарды мыйзамсыз пайдалануудан келтирилген зыян 130 миллион сомдон ашкан.

Тергөөчүлөр Урматбек Самаевди сотко алып кирип бараткан учурда ал журналисттерге кыскача комментарий берип, өзүнө коюлган айыптарды төгүндөдү. Самаев бул окуялар ал кызматка келе элек 2016-2018-жылдары болгонун айтып, кылмышка ага чейин иштегендер жооп бериши керектигин билдирди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Урматбек Самаев Токмок шаарынын мэри болуп 2021-жылы августта шайланган. Ал 2020-жылкы Октябрь окуяларынан кийинки бир катар жыйындарда азыркы президент, ошол маалда абактан жаңы эле чыккан Садыр Жапаровдун жанында жүргөн. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *