Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Казакстанга күнүнө 7 миңдей орусиялык жаран кирип жатат

0
Казакстанга күнүнө 7 миңдей орусиялык жаран кирип жатат

Казакстанга күнүнө 7 миңге жакын орусиялык жаран келип, кайра ошончо киши чыгып кетүүдө. Мындай статистиканы 19-апрелдеги брифингде Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин басма сөз өкүлү билдирди.

Анын айтымында, мындай жагдай "кадимки көрүнүш", азыр оң жана терс динамика байкалбайт. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы жазды.

"Өткөн жылы болгон окуяларга байланыштуу биздин мамлекеттик органдар көзөмөл механизмин иштеп чыгышкан. Атап айтканда, Чек ара кызматынан баштап, убактылуу каттоого чейинки жараяндар автоматташтырылды. Натыйжада былтыр Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жарандарынын жүрүү эрежелери өзгөртүлгөндөн кийин келгендер Казакстанда 90 күндөн ашык кала албайт", — деди Эмгек министрлигине караштуу Миграция комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Ильяс Спанов.

"Бул чаралар бардык чет өлкөлүктөрдүн узак убакыт бою тийиштүү каттоосу жок Казакстанда жүрүп албашы үчүн көрүлгөн, - деп белгиледи ал.

2022-жылдын декабрында Казакстандын Ички иштер министрлиги Орусияда мобилизация жарыяланган 21-сентябрдан бери орусиялык 3578 киши Казакстанда калууну чечкенин, дагы 965и ошол маалда казак жарандыгын алуу үчүн арыз бергенин билдирген.

Казакстандын мыйзамдарына ылайык, жарандык алуу үчүн чет элдик киши өлкөдө беш жыл жашашы керек. Кандаштар же этникалык казактар, казактарга турмушка чыккан аялдарга бул норма тиешелүү эмес.

Орусиянын Чек ара кызматынын быйыл февралда жарыялаган маалыматына караганда, былтыр Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Монголия жана Арменияга акыркы беш жылда рекорддук сандагы жаран чыгып кеткен.

Орусияда ушу тапта мобилизациянын экинчи толкуну болушу ыктымал деген божомолдор айтылып келатат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *