Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Бишкектеги жол кырсыгында жабыркаган балдардын саны 20га жетти

0

Бишкектен “Манас” аэропортуна бараткан жолдо болгон кырсыктан жабыркап, ооруканага түшкөн балдардын саны 20га жетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мананов “Азаттыкка” билдирди.

Алардын баары 2012-2015-жылы туулган балдар.

“19 бала “Тез жардам” менен алып келинди. Бирөө өзүнчө келди. 14 бала оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылды, абалы туруктуу. Өздөрүн жакшы сезип жатышат, коркунуч жок. Бирөө травматология бөлүмүнө жаткырылды. Төртөө реанимация бөлүмүндө. Алардын абалы оор, бирок туруктуу”, - деди Мананов.

Саламаттык сактоо министрлиги кырсык тууралуу кабар "Тез жардамга" саат 11:15те түшкөнүн кабарлады.

20-апрелде түшкө жакын Бишкектен “Манас” аэропортун көздөй бараткан жолдо автобус менен кичи автобус кагылышкан. Социалдык тармактарга тараган видеодон кырсыкка кабылган автобус кызматтык экенин көрүүгө болот.

Автобуста жалпы канча бала болгону жана алар кайсы мектептин окуучулары экени такталууда. (TAb)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *