Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Ош шаарында Ишкерлерди тейлөө борбору ачылды

0
Ош шаарында Ишкерлерди тейлөө борбору ачылды

Ош шаарында салык төлөөчүлөрдү колдоо максатында ишкерлерди тейлөө борбору иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Ачылыш аземине Салык кызматынын жетекчилиги, мамлекеттик, жергиликтүү органдардын өкүлдөрү жана ишкерлер катышты.

Борбордун ишинин негизги максаты – мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жана лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, аларды алуу мөөнөттөрүн кыскартуу, ишкерлерге сапаттуу, өз убагында жана жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүү.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов борбордун расмий ачылышында түшүндүргөндөй, ишкерлер мамлекеттик жана башка кызматтардын топтомун бир жерден, аталган борбордон ала алышат.

Ишкерлерди тейлөө борборунда Салык кызматынан тышкары бир катар мамлекеттик органдар жана уюмдар, анын ичинде банктар, Юстиция министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Баалуу металлдар департаменти, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору өз кызматтарын көрсөтүшөт.

Ушундай эле борбор Бишкек шаарында 2021-жылдын ноябрь айынан бери иштеп келет. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *