Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Өзбекстанда референдумда мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды

0
Өзбекстанда референдумда мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды

Өзбекстанда Конституциянын жаңы редакциясы боюнча референдумда мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 19-апрелде башталганын өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Ал күнү добуш берүү тилкесине келе албаган жарандардын мөөнөтүнөн мурда добуш берүүсү 25-апрелге чейин созулат. Референдум өзү 30-апрелде өтөт.

Эгер эл жаңы Баш мыйзамды колдосо, президент Шавкат Мирзиёевдин бийликте 2040-жылга чейин калуусуна мүмкүндүк ачылат.

Референдумдун алдында Өзбекстандын бардык аймактарында "Конституция сеники, меники, биздики" деген ураан менен майрамдык иш-чаралар өтүп жатат. Социалдык түйүндөрдө #магабаарыбирэмес деген өнөктүк башталган.

Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорун парламент 15-мартта жактырып, мамлекеттик маалымат каражаттарында жарыяланган.

Анын 106-беренесинде президенттик мөөнөттү 5 жылдан 7 жылга көбөйтүү каралган. Ошол эле маалда бир адам катары менен эки же андан ашык мөөнөткө президент болуп шайлана албайт деген эреже сакталып калган.

Мындан тышкары Конституциянын Каракалпакстанга тиешелүү беренелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилбейт.

Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү демилгеси былтыр көтөрүлүп, Каракалпакстан автоном Республикасында нааразылык чыккан. Жумуряттын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди Конституциядан алып салууга каршылар Нукус шаарында демонстрация өткөрүшкөн.

1-2-июлдагы митингдер күч менен басылган. Өзбек бийлиги 21 адам каза таап, 243 киши жараат алганын жана 500дөн ашуун адам кармалганын билдирген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *