Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Бишкектеги жол кырсыгы: 20 бала жабыркады, төртөө оор абалда

0

Бишкекте "Манас" аэропортуна бараткан жолдо 20-апрелде окуучулар түшкөн автобус жол кырсыгына кабылды. Баш калаадагы №3 Балдар ооруканасына кырсыктан жараат алган 20 бала түштү. Дарыгерлердин айтымында, алардын төртөө реанимацияда жатат. Абалдары оор, бирок туруктуу. 

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, кырсык тууралуу кабар "Тез жардамга" саат 11:15те түшкөн.

№3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мананов “Азаттыкка” билдиргендей, азыр бейтапканада жаткандар 2012-2015-жылдар аралыгында туулгандар.

“19 бала “Тез жардам” менен алып келинди. Бирөө өзүнчө келди. 14 бала оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылды, абалы туруктуу. Өздөрүн жакшы сезип жатышат, коркунуч жок. Бирөө травматология бөлүмүнө жаткырылды. Төртөө реанимация бөлүмүндө. Алардын абалы оор, бирок туруктуу”, - деди Мананов.

20-апрелде түшкө жакын Бишкектен “Манас” аэропортун көздөй бараткан жолдо автобус менен кичи автобус кагылышкан. Социалдык тармактарга тараган видеодон кырсыкка кабылган автобус кызматтык экенин көрүүгө болот.

Күбөлөр автобусту арттан Go BUS шаттлы (кичи автобус) сүзгөнүн айтып беришкен.

Автобуста жалпы канча бала болгону жана алар кайсы мектептин окуучулары экени такталууда.

Маалымат каражаттары андагы окуучулар Сокулуктагы "Ат-Башы" орто мектебинин окуучулары экенин, алар Лесной айылынан Манас айылына окууга бара жатканда кырсыкка учураганын жазып жатышат.

Ички иштер министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, милиция маалымат бере элек.

Расмий маалыматка ылайык, 2022-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу автоунаа кырсыктары 5,3%, каза болгондор 20,5% азайган. Кыргызстанда 1 миллион 400 миңдей машине бар. ИИМдин эсебинде жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын күнөөсү менен байланыштуу.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы былтыр 7 040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам каза болгонун январь айынын этегинде билдирген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *