Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

BIRTOPS “Киргизия” деген сөздү “Кыргызстан” деп оңдогон кеңейтме иштеп чыкты

0

Кыргызстандагы BIRTOPS креативдик агенттиги көз карандысыз программисттер менен чогуу веб-браузерлер үчүн атайын “Киргизия” деген сөздү “Кыргызстан” деп оңдогон кеңейтме (расширения) иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган агенттик өзүнүн Инстаграмдагы баракчасында жарыялады.

Топтун түшүндүрмөсүндө жазылгандай, кеңейтме Google Chrome браузердин веб-версиясы үчүн иштелип чыккан. Интернет колдонуучу аталган браузеринин онлайн дүкөнчөсүнөн “МЫ – КЫРГЫЗСТАН” аттуу кеңейтмени таап, орнотуп алат. Андан кийин кайсы бир сайттардагы “Киргизия” деген сөздү чийилип, “Кыргызстан” деп оңдолуп турат.

BIRTOPS агенттиги кеңейтменин шилтемесин өзүнүн Инстаграмдагы баракчасында да жарыялады. Кеңейтме акысыз.

“Орус тилдүү дүйнөнү өлкөнү Киргизия эмес, Кыргызстан деп атоого чакырабыз. Демилгенин максаты – көз карандысыз өлкө орус тилинде кандайча туура аталып жаткандыгы жөнүндө жалпы позицияны билдирүү жана орус тилдүү сегментте өлкөнүн туура эмес аталыштарын оңдоону тездетүү”, – деп айтылат агенттиктин баракчасында.

Англисче “extensions”, орусча “расширения” термини кыргызча “кеңейтме” деп которулат. Тиркеме (англ. аpp, орусча “приложения”) өз алдынча иштеген продукт болсо, кеңейтме тиркемени же башка программалардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүчү функцияга ээ. Google компаниясынын Chrome браузеринде тиркемелердин, кеңейтмелердин жана темалардын өз-өзүнчө дүкөнчөсү бар.

Мурдагы СССР мамлекети тарап, эгемендик жарыялаган Кыргызстан өз Конституциясында өлкөнүн аталышын “Кыргыз Республикасы” деп атаган. Кыскача “Кыргызстан” деген аталыш сунушталат.

Интернетте, көбүнчө орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргызстандын аталышы “Киргизия” деп берилип жүрөт. Буга байланыштуу кыргыз коомчулугунда нааразылыктар жана талкуулар чыгып турат. Кээ бирлери орус медиаларынан өлкөнү “Кыргызстан” деп атоону талап кылышса, башкалары орустар өз тилинин мыйзам ченемдүүлүгүнө жараша Кыргызстанды “Киргизия” деп атай турганын белгилешет.

Экинчи топтогулар “Россия”  кыргыз тилинде “Орусия” деп берилип жүргөнүн мисал келтирип, “Киргизия” деген сөзгө чычалабоого чакырышат. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *