Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Йемендеги тебелендиде кеминде 85 киши каза тапты

0
Йемендеги тебелендиде кеминде 85 киши каза тапты

Йемендин баш калаасы Санада мектепте садака таратуу учурундагы тыгында кеминде 85 киши тебелендиде набыт болду. Дагы 300дөн ашууну жараат алганын борборду көзөмөлдөгөн хуситтердин расмий өкүлдөрү билдирди.

Трагедия мусулмандардын Орозо айт майрамынын алдында муктаждарга акча таратылып жатканда болгон. Дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнүн бири болгон Йемендин борборунда жергиликтүү ишкерлер жардамга муктаждарга 5 миң риалдан (болжол менен 20 доллар) берилерин жарыялашкан.

Маалыматка караганда, мектептин дарбазасы ачылары менен эл акча бөлүштүрүлүп жаткан короого алып баруучу кууш тепкичтерди көздөй агылган.

Күбөлөрдүн белгилешенче, хуситтер асманга ок чыгаргандан кийин эл дүрбөлөңгө түшүп, тополоң күчөгөн.

Курман болгондордун арасында аялдар жана балдар бар. Al Masirah телеканалы тополоңдун видеосун көрсөттү.

Хуситтердин расмий өкүлү "бийликтин макулдугусуз" өткөн иш-чаранын эки уюштуруучусу кармалганын айтты. Алар каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 2000 доллардан жана жабыркагандарга 400 доллардан төлөп берүүнү убада кылышты.

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинин маалыматы боюнча Йеменде 21 миллиондон ашуун адам же өлкө калкынын үчтөн экиси жардамга муктаж.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *