Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

УКМК Салык кызматынын эки кызматкери кармалганын билдирди

0
УКМК Салык кызматынын эки кызматкери кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүйдүн Москва районунун мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгына караштуу жергиликтүү салыктарды жыйноо жана текшерүү бөлүмүнүн эки кызматкери (У.П.А. жана С.А.Б.) кармалганын билдирди.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, алар "мүлк салыгы боюнча карызы жок экендиги жөнүндө маалым каттарды берүү үчүн коррупциялык механизм уюштурган" деп айыпталууда.

Шектүүлөр кыймылсыз мүлктүн күбөлүгүнө байланыштуу жана мүлк салыгы боюнча карызы жок деген маалым кат берүүдө жардам берүү үчүн жабырлануучудан (А.Д.А.) 100 миң сом талап кылган. Салык кызматынын кызматкерлери 20-апрелде паранын бир бөлүгүн алуу учурунда кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *