Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Султанбаев чек арада кармалган 84 кг алтын боюнча түшүндүрмө берди

0
Султанбаев чек арада кармалган 84 кг алтын боюнча түшүндүрмө берди

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келатканда кармалган 84 кг алтын боюнча түшүндүрмө берди.

“Кабар” улуттук агенттигине берген комментарийинде ал өлкөдө 100дөн ашык компания алтын казарын жана алардын көбү руданы же консентраттарды Кытайга же Казакстанга алып барып, иштетип, алтынын бөлүп кайра Кыргызстанга алып келишерин айткан.

“Бул жерде 84 кг алтынды жашыралы деген эмес. Салыктан жашыралы деп ойлошкон деген пикирге келип атабыз. Анткени булар алтынды алып кирип келе жатканда салыкчыларга каттоого коюп, 60 млн. сомдун тегерегинде салык төлөшү керек эле. Ошону төлөбөй алып кирип келе жатып кармалышты. Кээ бирөөлөр бул окуяны “алтын чыгарып кетип жатып кармалышты” деп бурмалап жатышат, андай эмес. Руда менен консентраттар чыгып жатканда да канча тонна чыгып жатканы көзөмөлгө алынат. Ошонун курамынан болжол менен канча алтын чыгыш керек экени да лабораториядан өтөт, анан алып кетишет. Кайра ошол алтын бизге келип, салыгы төлөнүп, андан кийин анан кайра чыгарып кетишсе болот”, - деди Султанбаев.

Анын сөзүнө караганда, президент 1-майдан тарта Кыргызстандан курамында алтын бар руда, консентраттарды сыртка ташып чыгууга тыюу салуу боюнча жарлыкка кол койгон. Бирок аны иштеткен завод курулуп бүтпөй жарлык 31-декабрга чейин узартылды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 17-апрелде кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрмө бекетинен мыйзамсыз ташылып келаткан 84 кг жакын алтын кармалганын билдирген. Мекеме 300 миллион сомдон ашык каражатка бааланган алтынды Чүй облусундагы ири алтын казуучу компаниялардын бирине алып баратышканын кабарлаган. Бирок ишкананын атын жарыялаган эмес.

Коомчулукта 84 кг алтын кимдики, аны мыйзамсыз алып кирүүгө кимдердин катышы бар экени тууралуу талкуу болуп жатат. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *