Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

ТИМ кыргызстандыктарды Суданга барбай турууга чакырды

0
ТИМ кыргызстандыктарды Суданга барбай турууга чакырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Суданда армия менен “Ыкчам колдоо күчтөрү” тобунун ортосундагы куралдуу кармаштан улам кыргыз жарандарын бул өлкөгө барбай турууга чакырды.

Ал эми Суданда жашап аткан Кыргызстандын жарандарын аэропортторго, аскердик базаларга жана өкмөттүк кварталга жакын аймактарга барбоого жана өзү жашаган жеринде турууга үндөдү.

Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчилигинин акыркы маалыматы боюнча, Суданда Кыргызстандын жети жараны жүрөт, алардын үчөө Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Хартумдагы кеңсесинде иштешет. Элчилик Судандагы кыргызстандыктардын санын тактоо иштерин улантат.

“Ыкчам колдоо күчтөрү” - Судандын туруктуу армиясына кошулбаган жана Коргоо министрлигине баш ийбеген аскердик топ. Алар 2019-жылы Судандын авторитардык президенти Омар аль-Баширдин бийлигин кулаткан аскердик төңкөрүштү колдошкон.

2021-жылы 100 миңдей мүчөсү бар уюм бийликти жарандык башкарууга өткөрүп берүүнү кечеңдеткен экинчи аскердик төңкөрүштү колдоду.

Судандын туруктуу армиясы жана жарандык коом “Ыкчам колдоо күчтөрү” өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн катарына кошулушун талап кылып келет. Бул боюнча сүйлөшүүлөр 1-апрелге чейин жыйынтыкталышы керек болчу. Бирок пландалган келишимге кол коюу белгисиз убакытка жылды.

Армия менен “Ыкчам колдоо күчтөрү” тобунун кармашынан ондогон адам өлдү. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *