Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Аширбай Жусупов Орусия Кыргызстандан сүт азыктарын ташып келүүгө салган тыюу боюнча маалымат берди. Ал 22-апрелде өткөн басма сөз жыйынында Орусиянын Россельхознадзор мекемесинен Кыргызстандын мамлекеттик мекемелерине эч кандай документ же кат келбегенин айтты.
“Россельхознадзордон кандайдыр бир талап болсо Кыргызстан баарын аткарганга даяр. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулуп жатканда биздин инспекция бардык ишканаларды ЕАЭБдин реестрине киргизгенбиз. Бир гана айырма Кыргызстанда сүт малдын ээлеринен чогултулат. Алар ушул боюнча гана анча-мынча кемчиликтерди айтышкан. Мындан башка жүйөлү себептер жок”.
Орусиянын Россельхознадзор мекемеси 21-апрелден тартып Кыргызстандан сүт азыктарын ташып келүүгө тыюу салган. Расмий маалыматта, мындай чечим 10-16-апрель күндөрү сүт фермалары жана сүт чогулткан жайлар текшерилгенден кийин кабыл алынганы жазылган.
Мунун алдында, 19-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Бакыт Төрөбаев Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) талаптарына ылайык Кыргызстандын азык-түлүк продукцияларын экспорттоо маселеси тууралуу жыйын өткөргөн. Анда тийиштүү мекеме-министрликтин башчыларына Орусияга балык, тоок этин жана сүт азыктарынын экспортун көбөйтүү үчүн бардык шарттарды түзүү тапшырмасын берген.
Ушул айдын башында Россельхознадзор кыргызстандык “Тойбосс” компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы табылганын билдирип, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл кызматтарынын ишин чабал деп баалаган. Адал азыктарды чыгарганын билдирген “Тойбосс” компаниясы дооматты четке каккан.
Февраль айында Россельхознадзор Кыргызстандын балыктарынан зыяндуу заттар табылганын кабарлаган. Айрым талдоочулар орусиялык мекемелердин удаалаш билдирүүлөрүн атайын жасалган экономикалык тоскоолдук деп мүнөздөп жатат. (BTo)
Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)
Певица Кристина Агилера в боди вышла на сцену после похудения
Редакция АН «Между строк» разыгрывает 2 билета на Басту и ещё 8 сертификатов среди подписчиков своего Telegram-канала
Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ
Литературный монолог
«По праву памяти»,
к 105-й годовщине со дня рождения А.С. Крупнякова,
советского и российского писателя.
Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ
«Дефицитный продукт». В Севастополе малогабаритки стали дороже, Симферополь продемонстировал падение стоимости квадрата