Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

ИИМ: кылмыштуу топтор ишкерлерге басым кылган фактылар 90% азайды

0
ИИМ: кылмыштуу топтор ишкерлерге басым кылган фактылар 90% азайды

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Кыргызстанда кылмыштуу топтун мүчөлөрү ишкерлерге басым кылып каражат талап кылган фактылар 90% чейин азайганын билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында айтты.

Парламенттин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков өлкөдө кылмыштуу топтордун өкүлдөрү бизнесмендерди уруп-сабап акча талап кылган окуялар бар экенин айтып, министрликти ишкерлерди коргоого чакырды.

“Экономиканын кыймылдаткыч күчү - ишкерлер. Аларды мамлекет салык менен кысса, ары жактан текшерүүчүлөр эзип атса, дагы бир жеринен кылмыш дүйнөсү кармап алып кыйнап атса кандай болот? Аларга кепилдиктер барбы?”.

Былтыр декабрь айында кылмыштуу топтун мүчөлөрү Нарын облусунун Кочкор районунда кафелердин биринде эсепти төлөөдөн баш тартып, анын ээсинен ай сайын 1000 доллар берип турууну талап кылган окуя болгон. Эгер айткандары аткарылбаса, “имаратты өрттөп кетебиз” деп коркутушкан. Бул окуядан кийин облустук милициянын жетекчиси, райондук милициянын кызматкерлери жумуштан алынган.

Кыргызстанда ишкерлер кылмыштуу топтордун басым-кысымына кабылганына арызданган учурлар буга чейин да болгон. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *