Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Аба ырайы: жаан жаайт

0
Аба ырайы: жаан жаайт

24-апрелде абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-50-чакырымдарында, Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолундагы Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

25-апрелге караган түнү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жала-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында, 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 17…22,

Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17,

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1.

Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын түнкү температурасы 9…11°, күндүзгү жогорку температурасы 19…21° болот.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *