Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Тажик бийлиги Ооганстан менен чектеш жерде "террорчулар жок кылынганын" билдирди

0
Тажик бийлиги Ооганстан менен чектеш жерде

Тажикстандын бийлиги Ооганстандын чек арасында “эл аралык террордук уюмдун эки мүчөсү” жок кылынганын билдирди. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул тууралуу 26-апрелде кабарлады. Бирок алар кайсы террордук уюмдун мүчөлөрү экени айтылган жок.

Атайын кызматтын расмий маалыматында алар чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү, Тажикстандын аймагында теракт жасоону көздөгөнү белгиленген.

Антитеррордук операция шаршембиде эртең менен Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Ванч районунда ишке ашырылган. Террорчу экени айтылган эки кишинин жанынан курал-жарак, бир канча жардыргыч заттар табылганы кабарланды.

Буга чейин Жамааттык коопсуздук келишими уюму Ооганстанда террордук топтор жанданганы, алардын уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймагына кирүү коркунучу бар экени тууралуу тынчсыздануусун билдирген.

БУУ учурда Ооганстанда "Ислам мамлекети", "Аль-Каида", "Техрики Талибан Пакистан", "Өзбекстан Ислам Кыймылы", "Ансорулла", "Ислам Жихады" өңдүү террордук жана экстремисттик топтор иштеп жатканын маалымдаган.

Аталган топтордун баарын Кыргызстанда сот экстремисттик деп таап, ишмердигине тыюу салынган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *