Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Ленин райондук сотунда “Азаттыктын” иши боюнча кезектеги отурум өтүүдө

0

26-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесинин маалымат каражаты катары ишмердигин токтотуу тууралуу арызын караган сот отуруму өтүп жатат.

Соттук жараянда “Азаттык Медианын” адвокаты Тимур Султанов “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрында чыккан түз эфириндеги видеоматериал боюнча чыккан лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен таанышуу үчүн убакыт берүүнү сурап, процессти башка күнгө жылдырууну өтүндү.

Ишти караган судья Чолпон Каримбаева бир саат гана берип, бул убакыт жетиштүү экенин айтты. Жыйынтыгында сотто бир саатка тыныгуу жарыяланды.

Лингвистикалык экспертиза дайындоо өтүнүчү менен сотко 24-мартта министрлик кайрылган.

"Азаттык Медианын" адвокаттары мындай экспертизаны дайындоого каршы болуп, министрлик бул маселени сайтты бөгөттөөгө чейин тактап алууга тийиш болгонун белгилешкен жана бул иш боюнча кылмыш иши козголбогон соң мындай экспертизаны дайындоо мыйзамга каршы келерин айтышкан.

Министрлик “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.

Доо арызда эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга чейин “Настоящее время” телеканалы боюнча коюлган айыпты четке кагып, “Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз” деп айткан.

Мындан тышкары “Азаттыктын” сайты жана банктагы эсеби боюнча да сот иштери уланып жатат. Банк эсептин жана сайттын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, кыргыз бийлигин "Азаттыктын" ишмердигин чектөөнү токтотууга үндөшкөн. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *