Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Mattel компаниясы "Даун синдрому бар" куурчак чыгарды

0
Mattel компаниясы

Америкалык оюнчук өндүрүүчү Mattel компаниясы "Даун синдрому бар" Барби куурчагын сунуштады.

Ал АКШнын Даун синдрому боюнча улуттук коомунун өкүлдөрүнүн жана дарыгерлердин кеңеши менен чыгарылган. Компания бул куурчак өзгөчө балдар Барбиде өзүн көрө алгыдай болуп жасалганын билдирди.

Жаңы Барбинин дене-бою чымыр, тулку бою узунураак жана бети кичирээк. Көйнөгүндө Даун синдрому менен байланышкан символдордун - көпөлөктөрдүн, сары жана көк гүлдөрдүн сүрөтү бар. Моюуна Даун синдромун аныктаган хромосомдун белгиси катары кызгылт мончок тагылган.

Куурчак Playing with Fashion деп аталган инклюзивдүү коллекцияга кошулду. Буга чейин коллекцияда протез буту бар Барби, арабадагы Барби, булчуңу жок эркек куурчактар болгон.

Даун синдрому - хромосомдордун аномалиясы. Адамдын организми миллиондогон клеткалардан турат, ар бир клеткада 46дан хромосом бар. Генетикалык аномалиянын айынан Даун синдрому бар адамдардын клеткасында 46 эмес, 47 хромосома калыптанат. Азыр илимде Даун синдромунун үч түрү бар: трисомия (көп тараган формасы), транслокация жана мозаикалык.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *