Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

АКШ менен Түштүк Корея Пхеньяндын өзөктүк коркунучуна каршы турууну макулдашты

0
АКШ менен Түштүк Корея Пхеньяндын өзөктүк коркунучуна каршы турууну макулдашты

АКШнын президенти Жо Байден Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл менен кызматташуунун келечегин жана Түндүк Кореянын өзөктүк коркунучуна каршы туруу маселесин талкуулады.

Алар 26-апрелде Вашингтондо жолугушту. Акыркы кездери Түндүк Корея жаңы куралдарды, анын ичинде өзөктүк куралды сыноону көбөйткөнүнө тынчсыздануусун билдиришти. АКШ менен Түштүк Корея бул маселе боюнча биргелешкен иш планын иштеп чыкканы тууралуу сөз болду.

АКШ Сеулга колдоо көрсөтүүнү уланта турганын билдирди. Түштүк Кореянын жээктерин коргоого акыркы 40 жылдын ичинде биринчи жолу америкалык өндүрүштөгү суу астындагы кемелер, анын ичинде өзөктүк ракета ташыган кемелер тартылат. Бирок АКШ Түштүк Кореяга өзөктүк дүрмөттөрдү орнотпойт.

Эки өлкө биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүп, стратегиялык маалыматтар менен бөлүшөт. Юн Сук Ёл Түндүк Корея Түштүк Кореяга өзөктүк чабуул жасаган учурда Вашингтон "альянстын бардык күчү, анын ичинде АКШнын өзөктүк куралы менен дароо жана чечкиндүү жооп кайтарарын" айтты.

"Түндүк Кореянын айланасындагы чыңалууну дипломатиялык жол менен координациялоо аракеттерин улантабыз", - деди Байден.

Мындан тышкары, тараптар экономикалык жана соода тармагында кызматташууну кеңейтүүнү макулдашышты. Тагыраагы, жаңы технологияларды - электромобилдерди, микрочиптерди жана аккумуляторлорду чыгаруу жаатында кызматташуу болот.

Түштүк Кореянын өзүнүн өзөктүк программасы жок. АКШ менен Түштүк Корея 70 жыл мурун Корей согушу аяктагандан кийин союздаш болгон. Учурда Түштүк Кореяда 28 500 америкалык аскер бар.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *