Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

ЖК: тармактык комитет Абдрахматованы кызматтан алууну колдоду

0
ЖК: тармактык комитет Абдрахматованы кызматтан алууну колдоду

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент тууралуу комитети 27-апрелде кезексиз жыйынга чогулду. Анда акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу тууралуу "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын сунушун карап, аны көпчүлүк добуш менен жактырды. Эми бул маселе парламенттин кезектеги жалпы жыйынында каралып, добушка коюлат.

"Ата-Журт Кыргызстан" Абдрахматованы иштен алууну Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында акыйкатчы бир жылдык иши тууралуу баяндама жасаганда сунуштаган. Анда аталган фракция бул сунушка эмне себеп болгонун тактаган эмес.

Көп өтпөй президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Кабар" улуттук маалымат агенттигине өлкөдөгү адам укугунун, сөз эркиндигинин абалы тууралуу комментарий берип жатып, акыйкатчынын адам укуктарынын абалы тууралуу билдирүүсүн сындаган.

Алтымыштан ашуун бейөкмөт уюмдун, жарандык коомдун өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрүнө кайрылып, Абдрахматованын айланасындагы жагдайларга тынчсыздануу билдирген. Алар акыйкатчыны кысымдан коргоого, ишмердигин улантууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырышкан.

42 жаштагы Атыр Абдрахматова бул кызматка бир жыл мурда, 2022-жылы мартта шайланган.

Өткөн айда АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнө жүзүндөгү адам укуктарынын абалы тууралуу жаңы баяндамасын жарыялаган. Анын Кыргызстан тууралуу бөлүгүндө өлкөдөгү күч кызматкерлери катышкан кыйноолор, сөз эркиндигин чектеген аракеттер, журналисттерге каршы коркутуулар, сот системасынын көз карандылыгы, бейөкмөт уюмдардын ишин чектөөнү көздөгөн мыйзамдардын сунушталышы, бийлик бутактарындагы коррупция, гендердик жана азчылыктарга каршы зомбулук же коркутуулар тууралуу сөз болгон.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *