Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Тажикстан: мурдагы активист Собир Валиевге жаңы кылмыш иши козголду

0
Тажикстан: мурдагы активист Собир Валиевге жаңы кылмыш иши козголду

Тажикстандын Башкы прокуратурасы мурдагы саясий активист Собир Валиевге каршы жаңы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу "Озоди" радиосу активисттин өзүнө шилтеме кылып кабарлады.

"Прокуратура кызматкерлери иш бөлмөмө кирип келип, бардык каржылык жана башка документтерди алып кетишти. Көп өтпөй мага жана кол алдымда иштеген кызматкерлерге "Документ жасалмалоо", "Алдамчылык" жана "Экстремизм" беренелери боюнча кылмыш ишин козгошту", – деди Валиев.

Активист бул айыптоолорду четке кагууда.

Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" кыймылынын башчысынын мурдагы орун басары Собир Валиев чет элден мекенине 2020-жылы кайтып келген. Анын алдында тажик бийлиги активистке каршы "Экстремисттик ишмердүүлүккө чакырык жасоо" жана "Экстремисттик топ түзүү" беренелери менен козголгон кылмыш иштери токтотулганын билдирген. Азыр жетектеген "Девори жахон" (Wall World) компаниясында 30 киши иштейт. Валиев бизнес менен алектенерин айтат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *