Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

"Азаттык" иши: АКШ сот чечимине терең тынчсыздануусун билдирди

0

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз сотунун “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечимине байланыштуу билдирүү таратты. Бүгүн 29-апрелде жарыяланган билдирүүсүндө элчилик “АКШ 25 жылдан бери көз каранды эмес маалыматтын ишенимдүү булагы болуп келе жаткан “Азаттык” боюнча сот чечими тууралуу кабарларга терең тынчсызданууда” деп белгиледи:

«“Азаттыктын” иштөө мүмкүнчүлүгүн жоготушу Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун басма сөз жана сөз эркиндиги тууралуу билдирүүлөрүнө шек келтирет. Биз “Азаттыктын” ар бир арызын калыс жана кылдат карап чыгууга чакырабыз», - деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Андай өтүнүч менен сотко Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги быйыл январь айында кайрылган жана буга жүйө катары “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу түз эфирдеги видеоматериалын келтирген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай соттун бул чечимин “чектен чыккан” деп атап, ага каршы кийинки инстанцияга арыз берилерин билдирген. Ал “Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат”, - деп белгилеген.

Бир катар эл аралык уюмдар соттун чечимин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырып жатышат. Ушундай эле пикирди саясатчылар менен коомдук ишмерлер айтып, бийликти журналисттердин ишмердигине шарт түзүп берүүгө үндөөдө.

Бул иштен тышкары “Азаттыктын” жарым жылдан бери бөгөттөлүп турган сайты жана банктагы чектөөгө алынган эсеби боюнча да өзүнчө соттук териштирүүлөр уланууда. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *