Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Өзбекстан: Мирзиёевдин бийлигин узарткан референдум 

0
Өзбекстан: Мирзиёевдин бийлигин узарткан референдум 

30-апрелде Өзбекстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы элдик референдум өткөнү жатат. Баш мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынса, президент Шавкат Мирзиеевге 2040-жылга чейин бийликте калышына жол ачылмакчы.

26-апрелде Мирзиеев Орусиянын президенти Владимир Путинге референдумдун орус аймагында өтүүсүнө колдоо көргөзгөнү үчүн ыраазычылыгын айтты. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин маалымат кызматы кабарлаганын "Азаттыктын" өзбек редакциясы ("Озодлик") жазды.

Маалыматта лидерлер добуш берүү маселесин талкуулады деген жери жок, аягында гана Мирзиеев Путинге бул маселеде көргөзгөн көмөгү үчүн рахмат айтканы белгиленет.

Орусияда бир нече миллион мигрант иштеп жүрөт.

Баш мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча референдум 30-апрелде өтмөкчү. Өзбекстандын бир нече чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө добуш берүү үчүн участоктор түзүлгөн.

21-апрелде Өзбекстанда Орозо майрамындагы намаз учурунда мечиттерде референдумга катышууга үгүттөшкөнүн айрым кишилер "Озодликке" айтып беришкен.

"Ренессанс" телеканалынын маалыматына караганда, майрамдык намазга өлкө аймагы боюнча 3,5-4 миллион киши катышкан.

Дин комитетинин атын атабаган өкүлү Мусулмандар башкармалыгы имамдарга конституциялык реформалардын маанилүүлүгүн чагылдырган негизги "тезистерди" таратып берген.

Добуш берүүнү утурлай кошуна өлкөдө "Менин, сенин, биздин Конституция!" деген ураан менен майрамдык иш-чаралар өтүүдө. Социалдык тармактарда "мага бары бир эмес" деген хэштег менен үгүт жүргүзүлүп жатат.

Референдум өтчү күнү туруктуу жашаган жерде боло албайбыз деген жарандар 19-апрелден 26-апрелге чейин добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Талдоочулардын пикиринде, Баш мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынбайт деген ыктымалдык дээрлик 0% барабар.

Өзбекстандын парламенти жактырган жаңы редакция 15-мартта мамлекеттик маалымат каражаттарына жарыяланган. Азыркы Конституцияда 128 берене бар болсо, алардын 65% өзгөртүү киргизилип, беренелердин саны 155 болмокчу.

Олий мажлистин мурдагы депутаты Жахонгир Маматов “"Эркин Европа/Азаттык” радиосуна мындай ой бөлүштү:

“Конституция эч кандай маанилүү роль ойнобойт. Өзбекстанда 30 жылдан бери Баш мыйзам иштебей турган жөн эле бир документ болуп калды. Элге пайдасы тийбеген документ. Эл аралык коомчулуктун көзүн будамайлаган жөн эле бир кагаз. Аны жаңылайбы, мурдагы бойдон калтырабы, эч нерсе өзгөрбөйт. Азыркы президент кызматка келген учурда деле Конституция роль ойногон эмес. Башка учурларда да роль ойнобойт”.

Жаңы редакцияда президенттин мөөнөтүн 5 жылдан 7 жылга узартуу каралган жери бар. Ошол эле маалда бир эле киши эки мөөнөт катары менен президент боло албайт деген норма өзгөрүүсүз калды. Талдоочулар жаңы редакция кабыл алынса, 65 жаштагы Мирзиеевдин 2040-жылга чейин бийликте калуусуна жол ачыларын белгилешет.

2021-жылдын ноябрында ал учурдагы Конституцияга ылайык, экинчи жана акыркы жолу президент болуп шайланган. Анын азыркы мөөнөтү 2026-жылы аякташы керек.

Коңшу өлкөдө маркум Ислам Каримовдун тушунда президенттин мөөнөтү эки жолу өзгөртүлгөн. Ар бир жолу кызматтагы мамлекет башчынын мурда иштеген жылдары жокко чыгарылган.

Мындан тышкары, Каракалпакстан автоном аймагына тиешелүү беренелер да ошол бойдон калмакчы.

Былтыр Конституциянын жаңы редакциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди алып салуу демилгесинен улам тутанган нааразылык акциялары кан төгүү менен коштолгон.

Борбор шаар Нукуста өткөн ири митингдер күч менен басылган. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 43 киши жаракат алганын, 516 жаран кармалганын билдирген.

"Далилдер жетишсиз болсо да укук коргоочулар өлгөндөрдүн жана жаракат алгандардын саны расмий айтылгандан көп экенин айтышууда. Human Rights Watch уюму "коопсуздук күчтөрү тынч демонстранттарды таратуу үчүн адамды өлүмгө кириптер кылуучу куралдарды негизсиз колдонгонун жана ашыкча чараларга жол бергенин" билдирген", - деп белгилеген АКШнын Мамлекеттик департаментинин быйылкы баяндамасында.

Кандуу окуялардан кийин Каракалпакстандын макамы өзгөрүүсүз калары айтылган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *