Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

"Жер-суу аталышы кыргызча болсун деп куугунтук көрдүк"

0

“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу коомдук ишмер Таалай Ылайтегин. Ал маегинде 1986-жылдагы Казакстандагы Желтоксан окуясы, Кыргызстанды көз каранды эмес өлкө кылам деген жаштардын деми, демократиялык кыймылдар менен бийликтин мамилеси, саясатчылар Усубалиев, Масалиев, Акаев, Бакиев, Асанкулов, Куловдун саясаттагы орду, саясий партиялардын аброю ж.б. маселелер жөнүндө кеп кылат.

- Сиз 1988-жылы СССР али күчүндө азыркы Каракол, андагы Прежевальск шаарында жүргөнүңүздө “Кыргызстан көз каранды эмес мамлекет болуш керек”, деген идеяны көтөрүп чыккан, деп уктум. Ага кандай негиздериңиз бар эле, ишенгениңиз эмне эле?

- Азыр ойлосом, жаштыгыбыз, ага таянган курчтугубуз негизги күч болгон экен. Ошол кезде кайра куруу саясаты жүрүп, ачык сүйлөй баштаганбыз. Мени кыргыз тилинин тагдыры, ага болгон мамиле көп ойлондурчу.

Борбор калаадагы, Ош, Каракол шаарларындагы кыргыз тилибиздин абалын көрүп ичим күйчү. Эгер ошол боюнча кете берсек, кыргыздар улут катары жок болуп кетебизби деген коркунуч бар эле. Айылдардын, жер-суу аталышынын баары орусча, ал өзүнчө көйгөй болчу.

Ушуларды ойлодум, анан өзүм катышкан 1986-жылдагы Алматыдагы кандуу окуя өзгөчө таасир берди. Менин идеяларымды биринчи колдогондор классташтарым, айылдаштарым, кесиптештерим жана маданият кызматкерлери болгон. Андан кийин студенттер, жаш жумушчулар колдошту. Биз дароо эле Кыргызстанды союздан бөлөбүз деп чыккан эмеспиз. Башында жер-суу, айыл-кыштак, шаарларга тарыхый аталышын кайтарып келүү талаптарын койгонбуз. Экинчиден, ал кезде Балтика өлкөлөрү СССРден чыгарын ачык эле айтып жатышкан.

Ал республикалардагы улуттук кыймылдар менен байланышып жүрдүк, алардын гезиттерин алып таратабыз, ал өзүнчө таасир берген. Андай аракеттерибиздин айынан бийлик куугунтугуна кабылдык. Обком Комсомолдун жетекчиси А.Костюк, облустук милициянын жетекчиси С.Дубанаев ж.б. бийлик өкүлдөрү тарбиялык иштерди жүргүзүшкөн. Канткен менен алар деле катуу кеткен эмес, жай эле сүйлөшчүбүз. Мисалы, Костюк биздин уюмду Обком Комсомолдун алдына түзүүнү сунуштап, алдаган учурлар болгон. Аларды укпадык, өз оюбуздан кайткан жокпуз. Мени жумуштан кетиришип, бийликтин басымы күчөдү...

- 1990-жылы май айында КДКнын биринчи курултайы болгон. Ошол иш-чарага бийликтин мамилеси кандай болгон, бири бийлик тымызын колдогон дешсе, экинчилери, бийлик курултай өтө турган драмтеатрды жаап, жолтоо кылган деп калышат, сиздин пикириңиз кандай?

- Мен 1989-жылы Караколдон Бишкекке келсем, бейформал уюмдар көбөйүп калган экен. “Ашар”, “Асаба” деген уюмдардын таасири күчөп, демократиялык уюмдар улам кошулуп жатты. Ошолордун баары чогулуп, 1990-жылы майдын аягында Кыргызстан демократиялык кыймылын (КДК) түзүштү. Менимче алардын уюмдашуусуна бийлик тоскоол болгон жок. Бийлик кааласа басып коймок, ага күчү жетиштүү эле. Бирок бийлик демократтарды тымызын колдогон десек туура болот.

- Сиздин оюңузда Аскар Акаевдин 1990-жылы президент болуп шайланып калышына КДКнын ролу, орду барбы?

- Аскар Акаевдин бийликке келишине КДК чечүүчү ролду ойноду деп айта албайм, бирок, таасири болду. Парламентте президент шайланып жатканда сыртта Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу саясий ачкачылык болду, коммунисттик бийлик кетип, демократиялык негизде шайланган президент келишин талап кылып жатышты. Бул акциянын катышуучулары жалаң КДКчылар болчу. Бул окуя депутаттардын көзүн ачты, бир жагынан басым болуп, Акаевди шайлоого түрткү болду, кошумча күч болуп берген.

- Акаев бийликке келгенден кийин аны колдогон КДКчыларды чоң кызматтарга алып келген жок деп калышат, буга оюңуз кандай?

- Демократтарга кызмат берген жок деп айта албайм. Биринчиден, КДК лидерлеринин баары гуманитардык кесиптин ээлери эле. Казат Акматов – жазуучу, Жыпар Жекшеев - сүрөтчү, Топчуке – мугалим дегендей. Сөздүн ачыгын айтканда экономиканы, өндүрүштү билбесе аларга премьер-министр кызматын бергенде деле тарта алышмак эмес. Алардан сырткары КДКчы болуп жүрүшкөн Б.Талгарбеков, Э. Каптагаев ж.б. бир топ жигиттерди Ак үйдө бөлүм башчы, министр сыяктуу чоң-чоң кызматтарга койгон, жакшы иштешти. Мени деле "өкмөттө бир бөлүмдү башкарып бер" деп чакырышкан, бирок, барган жокмун...

- 1991-жылдан кийин Кыргызстан демократиялык кыймылынан саясий партиялар бөлүнүп чыга баштады, мисалы, “Асаба”, “Эрк”, “Ата Мекен” ж.б. Мындай бөлүнүү мыйзам ченемдүү көрүнүш беле же бийлик атайын бөлүп-жарганбы?

- Кийин ойлоп, ой жүгүртүп көрсөм, КДКдан саясий партиялардын бөлүнүп чыгышы мыйзам ченемдүү, табигый нерсе болуптур. Демократтарды бөлүп- жарууга ким кызыкдар болушу мүмкүн, албетте, коммунисттик бийлик да.

Коммунисттер ал кезде алсырап турган мезгил эле, баягы монолит күчү кайтып калган. Көп демократтар мындан аркы саясий жолун партиялардан көрүп калышты, алар КДКнын лидерлеринен өзүүн жогору сезе баштаган. Менимче алардын ою да туура, өзгөрүү керек эле. Дегеле, кыргыздар кыйын эл эмеспи, баары эле хан болгусу келип турат...

(Маектин толук вариантын видеодон көрүңүз)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *