Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Чүйдө абакта отурган адам өз жанын кыюуга аракет кылды

0
Чүйдө абакта отурган адам өз жанын кыюуга аракет кылды

Жаза аткаруу кызматы Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 абакта отургандардын бири өз жанын кыюуга аракет кылганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 27-апрелде болгон – абак эрежелерин бузганы үчүн беш күнгө өзүнчө изоляторго камалган жаран ал жактан бошотууну талап кылып, миздүү нерсе менен денесин тилген жана асынууна аракет кылган.

“Азыр аталган жаран абактын дарылоо жайында кармалууда. Колунан башка тилинген жери жок. Абалы канааттандырарлык. Ага медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Психолог анын мындан ары суицидге баруусуна жол бербөө багытында иш жүргүзүүдө. Ал абак кызматкерлерине арыз-даттануусу жок экенин, мындай кадамга өзүнүн ички абалына байланыштуу барганын айтып берди”, - деп айтылат Жаза аткаруу кызматынын маалыматында.

Буга чейин милициянын жана атайын кызматтын тергөө абактарында, убактылуу кармоочу жайларында жана колонияларда адам өлүмү катталган бир нече окуя болгон. Тийиштүү мекемелер териштирүү жүрүп жатканын кабарлашкан.

Кыргызстанда жаза аткаруу системасына караштуу 27 мекеме бар, алардын 11и колония, 10у жатак абак, алтоо тергөө изолятору. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *