Отунбаева: ЕАЭБ Кыргызстандын саясий багыттарын байлап жатат
Бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаева «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында өлкөдөгү кырдаал боюнча маек куруп жатып билдирди. Ал учурда Кыргызстан тышкы саясатта бир тараптуу эле болуп жатканын белгиледи:
- Бир тараптуу, бир жакка эле ыктаган өлкө болуп атабыз. ЕАЭБ да биздин саясий багыттарыбызды байлап атат. Кытай бар, миң чакырым чектешип турабыз. Экономикалык жактан көп көз карандыбыз, Кытайга.
Отунбаева Орусияда кыргызстандыктардын дээрлик жарымы мигрант болуп жүргөнүн белгилеп, Орусиянын таасири Кыргызстанга күчтүү болуп жатканы өлкөдө экономикалык жылыш жок, жыйынтык жок болуп жатканына да байланыштуу экенин айтты.
Экс-президент Роза Отунбаева акыркы 1,5 жыл ичинде президент менен өкмөттүн ишинде жылыш болбой жатканын белгилеп, эл Атамбаев-Жээнбеков деген дилемма менен эмес, реформалар менен президенттин ишин баалаш керек экенин билдирди.
Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамына 2015-жылы августта кирген. Өкмөт «биримдикке кирүү Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө болот, экспорт көбөйөт» деп ишендирүүгө аракет кылган. Уюмга мүчө болуп киргенден аз өтпөй, өнөктөш Казакстан менен Орусия Кыргызстандан эт-сүт азыктарын сатып алуудан таш тартып, буга эпизоотикалык абалды жүйө келтиришкен. Казакстан бир нече жолу кыргызстандык жүк ташуучу автоунааларды чек арадан өткөрбөй, текшерүүнү күчөтүп, мунун себебин «аткезчилик» менен түшүндүргөн. Кыргызстандан барган жашылча-жемиш жана башка тамак-аш товарлары «санитардык талаптарга жооп бербейт» деген жүйө менен артка кайтарылган же конфискацияланып, жок кылынган.
Былтыр Казакстан кыргызстандык дыйкандар өндүргөн картөшкөнү «сапаты начар» деп импорттоодон баш тарткан. (ZKo)