Рахмон Интернеттин баасын мурдагы калыбына келтирүүнү тапшырды
Тажик президенти Эмомали Рахмон өкмөттүн Интернеттин баасын көтөрүү чечимин жокко чыгарды. Анын басма сөз катчысы Абдулфаттох Шарифзода "Азаттыктын" тажик кызматына билдиргендей, Рахмон Интернет тарифтерин мурдагы калыбына келтирүүнү Монополияга каршы кызматка тапшырды. Анын алдында дал ушул өкмөттүк мекеменин жетекчиси Сади Кодирзода "башка ишке өткөнүнө байланыштуу" деген жүйө менен кызматтан алынган. Көп өтпөй Кодирзода президенттик администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. Читать дальше...