smi24.net
Azattyk.org
Апрель
2019

Новости за 15.04.2019

Нотр-Дам чиркөөсү өрттөнүп жатат

Azattyk.org 

Франциянын баш калаасы Париждеги Нотр-Дам чиркөөсү өрттөнүп жатат. Социалдык тармактарга жарыяланган сүрөт жана видеолордон белгилүү чиркөөнүн чатырынан жалын алоолоп чыгып жатканын көрүүгө болот.

Париждеги Нотр-Дам чиркөөсү өрттөнүп жатат

Azattyk.org 

Франциянын баш калаасы Париждеги Нотр-Дам чиркөөсү өрттөнүп жатат. Социалдык тармактарга жарыяланган сүрөт жана видеолордон белгилүү чиркөөнүн чатырынан жалын алоолоп чыгып жатканын көрүүгө болот. "Париждин Нотр-Дам чиркөөсүндө коркунучтуу өрт болуп жатат",-деп жазды француз баш калаасынын мэри Анн Идальго. Тилсиз жоонун себеби азырынча белгисиз. Бирок айрым расмий өкүлдөр өрткө чиркөөдө жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштери себеп болушу мүмкүн деп жоромолдоп жатышат. Готика стилиндеги Нотр-Дам чиркөөсүнүн 850 жылдык тарыхы бар.

Токаев менен Мирзиёев Ташкентте Назарбаевди макташты

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Ташкенттеги эки күндүк мамлекеттик сапары жыйынтыкталды. Бул визиттин алкагында Казакстан менен Өзбекстан транспорт, логистика жана өнөр жай тармактарында биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууну макулдашты. Дүйшөмбү күнкү сүйлөшүүдө өзбек президенти Шавкат Мирзиёев да, Касым-Жомарт Токаев да ортодогу кызматташтык жигердүү өнүгүп жатканына токтолушту. Боордоштук ымала түзүүдө Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин “көрүнүктүү ролун” белгилешти. Читать дальше...

Эмгеги элди кубанткан элеттик уста

Azattyk.org 

Колунан көөрү төгүлгөн чаткалдык уста. Чукул убакта оңдоого муктаж Жумгал театры. Кыргызча ыр жазган караколдук орус акын Людмила Пиотровская. Жаңы техникага алынсынбай өзү трактор кураган карасуулук дыйкан. Ушул адамдардын баары "Данисте" берүүсүндө.

"Рёнхап": Путин менен Ким Чен Ын жакында жолугушат

Azattyk.org 

Орусия президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу кийинки аптанын соңунда болушу мүмкүн. Бул тууралуу түндүк кореялык "Рёнхап" агенттиги өз булактарына таянуу менен билдирди. Маалыматтарга караганда, Путин менен Ким Чен Ын Владивосток шаарында жолугушат. Кездешүү маалында Түндүк Корея лидери Вашингтонго басым көрсөтүү үчүн Орусия президентинин колдоосуна ээ болууга аракет жасай турганы болжолдонууда. Бирок бул маалыматты орус тарап расмий түрдө ырастай элек. Читать дальше...

Өкмөттүн «өгүз өлбөсүн» абалы

Azattyk.org 

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин 2019-жылы экономикада «чоң секирик» жасоо боюнча дымактуу пландары саясий чөйрөдө талкууланууда.

Тилек Матраимов: жыйындан кишилерди кууп чыккан жокмун

Azattyk.org 

Ош облусунун Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов «Клооп» маалымат агенттиги жарыялаган видеотасма боюнча «Азаттыкка» комментарий берди. Ал тасмадагы маалыматтар туура эмес экенин айтып, райондун тургундары катышкан жыйын тынч эле өткөнүн айтты. «Тигини тартып, муну тартып туруп эле бириктирип коюптур. Мен ордумдан туруп «силер суроо бергиле, биз жооп беребиз» деп эле сүйлөп жаткам. Жер боюнча адис чыгып, жерди кантип алып сатышканын айтканда эл чычалап кетти. Кээ бири ичип да алган окшойт. Читать дальше...



Президент Сооронбай Жээнбеков Мюнхенде кыргызстандыктар менен жолукту

Azattyk.org 

Мюнхен шаарында президент Германияда окуп жана иштеп жүргөн кыргызстандыктар менен жолугуп, бул кездешүү анын сапарынын негизги максаттарынын бири экенин айтты.  - Былтыр «Мекендештер» форумуна катышкан кыргызстандыктар көптөгөн сунуш-пикирлерин айтышкан. Бул форумдун натыйжасында президенттин алдында «Мекендештер кеңеши» түзүлгөн, мен алар менен эми жолугам. Биз сиздердин бул жакта жетишип жаткан ийгиликтерге өтө кубанычтабыз, - деди президент Жээнбеков. Германиядагы кыргызстандыктар мамлекет башчыга виза... Читать дальше...

Министрдин жообу коомчулукту ойго салды

Azattyk.org 

Кыргызстандын ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин «уюшма кылмыштуу топтор болгон жана боло берет» деген пикири коомчулукту ар кандай ойго салды.

Тоолуу Карабак маселеси Москвада талкууланууда

Azattyk.org 

Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери Тоолуу Карабак маселеси боюнча Москвада сүйлөшүүлөрдү башташты. Зограб Мнацаканян менен Элмар Мамедяровдун ортосундагы сүйлөшүүлөрдү Орусиянын Тышкы иштер министрлиги уюштуруп жатат. Министрликтин маалыматына ылайык, Москвадагы жабык жыйынга Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минск тобунун теңтөрагалары орусиялык Игорь Попов, француз дипломаты Стефан Висконти жана америкалык Эндрю Шофер да катышууда. 15-апрелде эртең менен... Читать дальше...

Сурдокотормочулукка окуган юристтерге сертификат берилди

Azattyk.org 

Юридикалык билими бар адистер үчүн 11-марттан 6-апрелге чейин атайын сурдокотормочулукка үйрөткөн курстар өткөрүлгөн. 15-апрелде курсту ийгиликтүү окуган адистерге атайын сертификат тапшырылды. Алар кулагы укпаган жарандардын укуктарын коргоодо чоң көмөкчү боло алышат. Сертификаттар Кыргызстандын Азиздер жана дүлөйлөр коомунун окуу борборунда тапшырылды. Аталган коомдун маалыматы боюнча, соттук териштирүүлөрдө, тергөөдө жана укуктук кеңеш берүүдө мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар котормочу таба албай кыйналып жүрүшөт. Читать дальше...

Улукбек Кочкоров: Кыргызстанда 174 000 адам жумушсуз

Azattyk.org 

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 15-апрелдеги жыйынында Кыргызстанда 70 900 адам расмий түрдө жумушсуз катары каттоодо турарын айтты.  Анын маалыматына караганда, бул ал жетектеген министрликте каттоодо тургандардын гана саны. Ал эми Улуттук статистика комитетиндеги маалыматтарды кошкондо алардын саны 174 000 адамга жетет. Кочкоров министрликке жыл сайын өлкөдө жакырчылыкты бир пайызга азайтуу боюнча милдеттенме жүктөлгөнүн... Читать дальше...

Судан: Аскердик кеңеш митингчилердин талабын аткармай болду

Azattyk.org 

Миңдеген судандыктар өлкөнү 30 жыл башкарган президент Омар Баширдин бийлиги 11-апрелде кулаганына карабастан, аскердик штабдын алдында нааразылык акцияларын улантууда. Алар мурдагы режимдин адамдары дагы эле бийликте турганын айтып, аскерлерди бийликти толугу менен жарандык өкмөткө өткөрүп берүүнү талап кылууда. Судандын бийликти колуна алган Аскердик кеңеш жекшембиде өкмөткө аскердик эмес адамды алып келүүгө макул болду. «Биз баарыңыздардан кыска убакыт ичинде өкмөттүн башына көз каранды эмес... Читать дальше...

Талас: «Жылдызы жанбаган» жылкы заводу

Azattyk.org 

Кыргызстандагы асыл тукум кыргыз жылкылары багылган жалгыз завод колдоого муктаж. Кезинде дүркүрөп өнүгүп турган чарба Союз тарагандан кийин таш-талканы чыгып калган. Талас облусунун Талды-Булак айылындагы жылкы заводун ("конезаводду") Бишкектен көчүп барган Азамат Жумаев иштетип жатат.

Жээнбеков Бавариянын мамлекеттик канцелярия башчысы менен жолугушту

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 15-апрелде Мюнхенде Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын башчысы Флориан Херман менен жолугушту. Президенттик басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Херман Кыргызстандын мамлекет башчысын жылуу тосуп алып, федералдык канцлер менен жолугушууга чейин Баварияга келгенин достук ишарат катары баалады. «Бул эки тараптуу мамиленин жакшы башталышы. Бүгүн сизди кызыктуу жолугушуулар күтүп турат» деди Флориан Херман. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-немис кызматташтыгы өнүгүп жатканын белгилеп... Читать дальше...

Тажик-ооган чегинде аткезчилер окко учту

Azattyk.org 

Тажик-ооган чек арасындагы куралдуу кагылышууларда бир тажик чек арачысы жарадар болуп, эки ооган аткезчи жок кылынды. Коңшу өлкөнүн күч түзүмдөрү «Азаттыктын» тажик кызматына кабарлашкандай, окуя ишемби күнү Тажикстандын түштүк тарабындагы Шамсиддин Шохин районунун аймагында болгон. Сегиз куралчан ооган аткезчиси эки жолу чек арадан өтүүгө аракет кылган. Атышуулар болгон аймакта 60 килограммдай баңгизат, «Калашников» автоматтары табылган. Мерт болгон аткезчилердин өлүктөрү ооган бийлигине өткөрүлүп берилгени жатат. Читать дальше...

12 жаштагы баланы табууга жардам берген өспүрүм кыз сыйланды

Azattyk.org 

Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов 15-апрелде Кант шаарынын тургуну, алтынчы класстын окуучусу Малика Махмуджанованы 12 жаштагы Даниил Браилкиндин табылышына чоң көмөк көрсөткөнү үчүн баалуу белектер менен сыйлады. Маалыматка караганда, окуяга күбө болуп калган кыздын берген көрсөтмөсү киши уурдоонун бетин ачууга жана 12 жаштагы өспүрүмдү аман-эсен табууга чоң жардам берген.  Малика Махмуджанованы сыйлоо аземи ал өзү окуган мектепте, окуучулардын жана мугалимдеринин алдында өттү. Читать дальше...

Беларус президенти Лукашенко Брюсселге чакыруу алды

Azattyk.org 

Беларус президенти Александр Лукашенко Европа кеңешинин президенти Дональд Туск Брюсселде 13-майда уюштуруп жаткан кечки тамакка чакыруу алды. Бул иш-чара курамына Армения, Азербайжан, Грузия, Молдова жана Украина кирген «Чыгыш өнөктөштүгүнүн» он жылдык мааракесине арналган. Евробиримдиктеги бир нече булактар жогорудагы беш өлкөнүн лидерлери менен кошо Беларус президентине да өткөн аптада чакыруу жөнөтүлгөнүн ырасташты. Бирок атын атабаган расмий өкүлдөр Лукашенко Брюсселге өзү келбей, тышкы иштер министрин жөнөтүшү мүмкүн экенин айтышты. Читать дальше...

Мамкаттоо: Туулгандыгы тууралуу күбөлүк кагазы эки күндөн кийин болот

Azattyk.org 

Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү эки күндөн кийин кайра бериле баштайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Элзат Кыдырмышова билдирди: - Мамлекеттик каттоо кызматынын жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча берилүүчү документтеринин бланктарын «Гознак» жоопкерчилиги чектелген коому камсыздайт. Бүгүнкү күнү басмакана тараптан камсыздоо кармалып жатат. Ал ишканадан бизге бланктар эки күн аралыгында жеткирилерин маалымдашты, эки күндөн кийин жалпы республика боюнча жаңыланып... Читать дальше...

Өкмөт «тонировканы» мыйзамдаштырууну карап жатат

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү автоунаалардын айнегин караңгылатууну («тонировка») мыйзамдаштыруу маселесин карап жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров 15-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында айтты. «Бюджетке кошумча каражат түшүрүү үчүн «тонировка» боюнча депутаттардын сунушун эске алуу менен биз өкмөттө маселе көтөрдүк. Бир машинеге жылына 400-500 доллардын тегерегинде деп мыйзам долбоорун карап жатабыз. Мындан кошумча каражат түшөт», - деди Аскаров. ... Читать дальше...

Режиссер Серебренниковдун ишиндеги далилдер кайра изилденет

Azattyk.org 

Орусиянын соту «ири суммадагы акчаны кымырып алды» деп айыпталып жаткан «Гоголь борборунун» көркөм жетекчиси Кирилл Серебренниковдун ишиндеги далилдерди кайра кароого жөнөтүп, кийинки соттук териштирүүнү 17-июнга жылдырды. Мещанский райондук сотунун судьясы Ирина Аккуратованын 15-апрелдеги бул чечимин жактоочу тарап жеңиш катары кабыл алышты. Себеби адвокаттар прокурорлор далил катары сунуш кылган финансылык маалыматтар күмөн жаратаарын айтып келишкен. 49 жаштагы режиссерго жана анын эки өнөктөшүнө... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *