Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Апрель
2019

Новости за 02.04.2019

Санкт-Петербург: Метродогу жардырууга шектүүлөрдүн соту башталды

Azattyk.org 

2017-жылы Санкт-Петербургдун метросунда жасалган чабуулга шектүү делген 11 киши 2-апрелде Санкт-Петербургда башталган аскер сотундагы процессте өздөрүнүн күнөөсүз экенин айтышты. Эки жыл мурда 12 кишинин өмүрү кыйылып, 67 адам жараат алган чабуулга айыпталгандардын баары Борбор Азия өлкөлөрүнөн чыккандар. Жардырууну Кыргызстанда туулган 22 жаштагы Акбаржон Жалилов ишке ашырганын Орусиянын укук коргоо органдары билдирип, Борбор Азиядан барган он чакты кишини кармалган. Тергөөнүн версиясына караганда... Читать дальше...

Тимошенко шайлоонун жыйынтыгы "бурмаланганын" айтты 

Azattyk.org 

Украинанын мурдагы премьер-министри, президенттик шайлоодо үчүнчү орунду алып, экинчи айлампага чыкпай калган Юлия Тимошенко добуш берүүнүн жыйынтыгын "бурмаланган" деп эсептерин айтты. Тимошенко 2-апрелде Киевде өткөргөн маалымат жыйында "Биз сотко барбайбыз. Себеби түшүнүктүү эле. Сот системасын реформалоо деген шылтоо менен президент сотторду менчиктеп алган" - деп айтты. Тимошенко учурдагы мамлекет башчы Петр Порошенко шайлоонун экинчи айлампасына чыгуу үчүн ар кандай технологияларды колдонгонун кошумчалады. Читать дальше...

HRW крым татарларынын кармалышына тынчсыздануусун билдирди

Azattyk.org 

«Хьюман Райтс Уотч» («Human Rights Watch») эл аралык укук коргоо уюму 23 крым татарынын камалышына тынчсыздануу билдирип, бул Москванын «орус бийлигин кескин сындаган топко мурда болуп көрбөгөндөй кысым көрсөтүү аракети» деп баалады.   Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча аткаруучу директору Рейчел Денбердин 2-апрелдеги билдирүүсүндө «жарым аралда саясий жактан жигердүү крым татарларынын террорист катары жапырт кармалышы - алардын оозун жабуунун жолу» деп айтылат. Читать дальше...

Ленин райондук сотунда Бишкектин экс-мэрлеринин иши каралат

Azattyk.org 

3-апрелде Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму уланат. Булардын ишин бириктирип кароо тууралуу чечим 6-марттагы соттук отурумда кабыл алынган.  Соттук отурум ачык өтүүдө. Бирок айрым учурларда зал тар деген себеп менен журналисттер, айыпталуучулардын жакындары киргизилбей, нааразылык жаралган.  Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов «баш калаада мектеп салууга жумшалган 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталган. Читать дальше...

Санкт-Петербургда аскердик академияда жарылуу болду

Azattyk.org 

Санкт-Петербургдагы А.Ф. Можайский атындагы аскердик-космостук академияда жарылуу болуп, үч киши жарадар экени кабарланды. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары Орусиянын Коргоо министрлигинен алынган маалыматка таянып жазып чыгышты. 2-апрелде Можайский академиясында түшкү саат 1:30да жабдыктар сакталган жерде белгисиз нерсе жарылган. Андан жарадар болгон үч киши медициналык жардам алып, алардын өмүрү коопсуз экени кабарланды.     «РИА Новости» агенттиги өз булактарына таянып, жарылуу экинчи кабаттагы бөлмөдө болгонун жазды. Читать дальше...

Жарасы жабылбаган казак полигону

Azattyk.org 

СССР доорунда Казакстандын кең талаасында жайгашкан Семипалатинск полигонунда жүргүзүлгөн жүздөгөн өзөктүк сыноолордун адамдын ден соолугуна тийгизген кесепети оор болгон. Полигон совет бийлиги менен кошо жабылгандан кийин Орусияга ижарага берилип, аскердик куралдар сыналууда. Жарандык активисттер ижара акысы элдин саламаттыгына арзыбайт деп иштешине каршы.

УКМК: Паспортко бланк даярдоо боюнча тендерде Мамкаттоо өкүлдөрү мыйзам бузган

Azattyk.org 

Биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) кызматкерлери өз пайдасы үчүн мыйзамдарды бузуп, өздөрүнө тыгыз байланышы бар компаниянын кызыкчылыгы үчүн иштешкен. Бул тууралуу «Азаттыкка» Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди:  - Натыйжада сынакка катышкан компаниялардын бири тендерди утуп алган ишкана сунуш кылган суммадан 253 млн. сомго арзан бааны сунуш кылганына карабай, «тендердик... Читать дальше...



Кыргыз-кытай чек арасы 8-апрелге чейин убактылуу жабылат

Azattyk.org 

Кытай тараптын демилгеси менен Кытай Эл Республикасында Маркумдарды эскерүү күнүнө байланыштуу мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» өткөрүү жайлары 2019-жылдын 5-апрелинен 7-апрелине чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги өткөрүү жайларында жарандарды, автоунаа каражаттарын жана жүк өткөрүү 8-апрелде кайра жанданат. (KR)

Дарыгерлердин даңкын саткандар

Azattyk.org 

Социалдык тармактарда, Интернет айдыңында Кыргызстандагы белгилүү профессорлордун, шоу-бизнес өкүлдөрүнүн сүрөтү тиркелген «арыктоочу», «эркектин бел күчүн арттыруучу», «адамдын муун ооруларын заматта айыктыруучу» деген дарылардын, кофе, чай сыяктуу каражаттардын жарнамасы көбөйдү.

Паспорт тендери боюнча иш козголду

Azattyk.org 

Башкы прокуратура электрондук паспортко бланктарды даярдоо боюнча тендердеги мыйзам бузуу фактыларын «Коррупция» беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады.

Анкара АКШнын ишеничинен чыкты

Azattyk.org 

АКШ Түркияны F-35 согуш учактары үчүн жабдуу менен камсыз кылууну убактылуу токтотту. Вашингтон Анкарадан орусиялык ракета системасын сатып алуу боюнча чечиминен баш тартууну талап кылууда.

Казакстанда сот журналист Глушкованы 25 миң теңге айыпка жыкты

Azattyk.org 

Нур-Султандагы административдик сот «Настоящее Время» телеканалынын кабарчысы Светлана Глушковага «Уруп-согуу» беренеси боюнча кине коюп, 25 миң теңге айыппул салды. Укук коргоочулар соттун мындай чечимин «бийликтин журналисттин ишине тоскоолдук кылуу аракети» деп баалашты. Полициянын билдирүүсүнө караганда, журналист 21-22-март күндөрү казак баш калаасынын аталышын өзгөртүүгө каршы чыккандардын митингин чагылдырып жатып көчөдөгү кызды түртүп жиберген. Ал кыз полицияга арыз жазган. Сот журналистке... Читать дальше...

Аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 3-апрелде көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…12, күндүз 23…25, Талас жергесинде түнкүсүн 2…4, күндүз 12…13, Баткен облусунда түнкүсүн 8…10, күндүз 16…18, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8…10, күндүз 18…21, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…5, күндүз 10…15, Нарын облусунда түнкүсүн 0…2, күндүз 9…12 градус болот. Читать дальше...

Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды талкуулайт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш эртең, 3-апрелде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында 13-мартта болгон жаңжал боюнча өкмөттүн маалыматын угат. Жыйынга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катышат.  Жыйындын жүрүшүн "Азаттык" түз көрсөтөт. 13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны өлгөнүн, бир нече адам жабыр тартканын кабарлады. Ал эми кыргыз тараптан үч адамга ок тийген. Читать дальше...

«Атамбаевсиз КСДП»: партиянын курултайына Атамбаев да чакырылды

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) бүткүл республикалык курултайы эртең, 3-апрелде Кыргыз драма театрында өтөт. Ага чакырылган 300 делегаттын ичинде экс-президент Алмазбек Атамбаев да бар. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын өкүлү Сагынбек Абдрахманов билдирди:  - Атамбаев партиянын лидери катары милдеттүү түрдө болушу керек. Ага чакыруу кагазы берилген. Күн тартибинде Алмазбек Шаршеновичтин төрага катары отчетун угуу, аны талкуулоо турат. Экинчиден уставга өзгөртүү... Читать дальше...

Жээнбеков апрель окуяларынын катышуучулары менен жолукту

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-апрелде коомдук уюмдардын өкүлдөрү, 2010-жылдагы апрель окуяларына катышкандар, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун туугандары менен жолугушту. Мамлекет башчысы 2010-жылдагы апрель окуялары элдин үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөштөгү майтарылбас эркин, өлкөнүн жаркын келечеги үчүн өмүрүн курмандыкка чалууга даяр экенин көрсөткөн тарыхый окуя экенин белгиледи. - Кайгылуу окуялардын учурунда курман болгондордун ысымдарын жана жаркын элестерин түбөлүккө... Читать дальше...

Дүйнөдө улгайгандар көбөйүп баратат

Azattyk.org 

Дүйнөдө улгайган адамдардын катары калыңдаган сайын шаар тургундары да көбөйүп баратат. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Калк жана өнүгүү боюнча комиссиясынын баяндамасында айтылат. Комиссиянын сессиясы дүйшөмбүдө Нью-Йоркто башталды. Жогоруда айтылган демографиялык процесстер бир топ өлкөлөрдө айлана-чөйрөгө оор жүк болуп, экономикалык, социалдык мүшкүлдөргө себеп болууда.  БУУнун маалыматына ылайык, акыркы 25 жылда дүйнөдө өмүрдүн орточо узундугу 64,9 жаштан 72,3 жашка чейин жетти. Читать дальше...

Алжирдин президенти Бутефлика ушул айда бийликтен кетет

Azattyk.org 

Алжирдин президенти Абделазиз Бутефлика 28-апрелге чейин кызматынан кетет. Бул тууралуу кечээ Алжирдин APS агенттиги президенттик администрациянын маалыматына таянуу менен билдирди. Бир айдан бери Түндүк Африкадагы бул өлкөдө Бутефликанын бийликтен кетишин талап кылган демонстрациялар өтүп жатат. Алжирдин Конституциясына ылайык, президент кызматтан кеткенден кийин мамлекет башчынын милдетин парламенттин жогорку палатасынын спикери Абделкадер Бенсалах аткарат. Президенттик шайлоо 90 күндүн ичинде өтүүгө тийиш. Читать дальше...

Вашингтон Анкарадан орус ракетасын сатып албоону талап кылды

Azattyk.org 

АКШ Түркиянын Ф-35 согуш учактарын жабдуу менен камсыз кылууну убактылуу токтотту. Вашингтон Анкарадан орусиялык ракета системасын сатып алуу боюнча чечиминен баш тартууну талап кылууда. Дүйшөмбү күнү АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлү, подполковник Майк Эндрюс түркиялык Ф-35 учактарынын «ыкчам даярдыгын колдоо иштери убактылуу токтойт, бирок Анкара менен бул маанилүү багыттагы диалог улана бермекчи» деп билдирди. Анкара жалпысынан 100 учакка буюртма берип, былтыр июнда алгачкы эки учакты алган. Читать дальше...

Казакстан: сот журналист Глушкованын ишин карап жатат

Azattyk.org 

Казакстандын Нур-Султан шаарындагы административдик сот «Настоящее Время» телеканалынын кабарчысы Светлана Глушкованын ишин карап жатат. Журналистке «Уруп-согуу» беренеси боюнча айып коюлууда. Тийиштүү беренеге ылайык, Глушкова он суткага камалышы же айып төлөп берүүгө милдеттендирилиши мүмкүн. Полициянын билдирүүсүнө караганда, журналист 21-22-март күндөрү баш калаанын аталышын өзгөртүүгө каршы чыккандардын митингин чагылдырып жатып көчөдөгү кызды түртүп жиберген. Ал кыз арыз менен полицияга кайрылган. Читать дальше...

Укук коргоочулар президентке кайрылышты

Azattyk.org 

Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, Гүлнара Журабаева баштаган укук коргоочулар президентке кайрылып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) иш-аракеттерин сынга алды.  «Кечээ КЛООПтун журналисти Анна Капушенконун үйүндө тинтүү жүрдү. Ал бир күн кечке УКМКда сурак берип отурду. Анын эмне күнөөсү бар? Бул чырга байланыштуу ушундай эле тинтүү дагы 50-60 жарандын үйлөрүндө жүрүп жатат. Мындай террор улана берсе, мамлекеттик кызматка ким барып иштейт? Чечимдерди ким кабыл алат?» деп жазылган билдирүүдө. Читать дальше...

МЧК: кыргыз-казак чек арасында 253 жүк ташуучу машине турат

Azattyk.org 

Акыркы маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 253 жүк ташуучу автоунаа турат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) басма сөз өкүлү Мирбек Осмоналиев кабарлады: - Учурда чек арадагы кырдаал өзгөргөн деле жок. Акыркы алынган маалыматка караганда ал жерде 253 автоунаа тизилип турат. Мурда айтылгандай эле азыр казак тарап менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Журналисттер бизге эле чалып, маалымат сурап жатышат. Тышкы иштер министрлиги жана... Читать дальше...

Пакистан Кашмирде үч аскери курман болгонун билдирди

Azattyk.org 

Исламбад талаштуу Кашмир аймагында Индиянын чабуулунан пакистандык үч жоокер каза таап, бир нечеси жарадар болгонун 2-апрелде тараткан билдирүүсүндө кабарлады. Анда түн ортосунда коюлган чабуулга Пакистандын армиясы дароо жооп кайтарганы белгиленген. Индия тарап бул билдирүү боюнча үн каткан жок. Өзөктүк куралы бар эки өлкөнүн мамилелери өткөн айда талаштуу Кашмир штатындагы кол салуу индиялык 40тан ашуун полиция кызматкеринин өмүрүн алгандан кийин курчуп кеткен. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти... Читать дальше...

Халилзад ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушту

Azattyk.org 

Вашингтондун Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад дүйшөмбүдө ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү менен Кабулда жолугушту. Халилзаддын бул сапары апрелдин ортосунда Катардын баш калаасы Дохада «Талибан» кыймылы менен баштала турган сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын утурлай өттү.  Аталган кыймыл менен Халилзаддын буга чейинки сүйлөшүүлөрү ушул эле Катарда өткөн. Атайын чабарман анын жыйынтыгында Ооганстанда 18 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотууга багытталган «реалдуу кадамдар жасалганын» билдирген. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *